ТОГОЛОК КЕНИНДЕ АЛТЫН КАЗУУ ДОЛБООРУН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА КООМДУК УГУУ ӨТТҮ

ТОГОЛОК КЕНИНДЕ АЛТЫН КАЗУУ ДОЛБООРУН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА КООМДУК УГУУ ӨТТҮ

Жарыяланган: 30 June 2025

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында Тоголок кенинде алтын казуу долбоорун ишке ашыруу боюнча коомдук угуу болуп өттү.

“Кумтөр Оперейтинг Компани” жабык акционердик коомунун демилгеси менен өткөн коомдук угууга Жети-Өгүз жана Оргочор айыл аймактарынын тургундары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттери катышты.

Аталган иш-чарада “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” өкүлдөрү Тоголок кенинин тарыхы, учурдагы абалы жана кенди иштетүү пландары тууралуу айтып беришти. Тоголок кенин иштетүү боюнча долбоордук топтун жетекчиси Алмаз Кожонов Тоголок кенинде кошумча геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлүп, учурда штольня жана кенге баруучу жолдорду калыбына келтирүү иштери жасалып жатканын билдирди.

“Быйылкы жылы электр чубалгыларын тартуу, технологиялык жолдун, инфраструктуралык объектилердин курулушун баштоо пландалууда”, – деди ал.

Жети-Өгүз районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып, Алмаз Кожонов Тоголок кениндеги бардык иштер белгиленген техникалык жана экологиялык талаптарга ылайык жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

“Бизде Кумтөр кенин кошо алганда, алтын кендерин иштетүү боюнча чоң тажрыйба топтолгон жана бул тажрыйба Тоголок кенин иштетүүдө да колдонулат. Бул кенди иштетүүдө жергиликтүү экологиялык тең салмактуулук сакталат жана кенди акыркы, заманбап технологияларды колдонуу менен иштетебиз”, – деп билдирди Алмаз Кожонов.

Коомдук угуунун жүрүшүндө жергиликтүү тургундар жана активисттер алтын казуу ыкмасы, айлана-чөйрөнү коргоо жана жакынкы айылдардын тургундарын жумуш менен камсыз кылуу, жергиликтүү бюджетке салык жана башка төлөмдөр боюнча кызыктырган баардык суроолоруна жоопторду алышты.

Маалымат үчүн: Тоголок кени 1978-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда ачылган. Тоголок кенине эң жакын калктуу конуш Ак-Шыйрак кыштагы 35 чакырым алыстыкта, деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан. Бишкек шаарынан Тоголок кенине чейинки аралык 560 чакырымды түзөт.

2004-жылы жүргүзүлгөн техникалык-экономикалык негиздеменин жыйынтыгы боюнча, Тоголок алтын кенин иштетүү рентабелдүү деп табылган.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКка Тоголок кенин өздөштүрүү боюнча лицензия 2023-жылы 8-августта берилген.