МОНТАЖДОО БОЮНЧА АДИС (КУМТӨР КЕНИ)

МОНТАЖДОО БОЮНЧА АДИС (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 20 May 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 09.06.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жеке ишкерлерди (ЖИ) монтаждоо боюнча кызмат көрсөтүүгө чакырат.

КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ КЫЗМАТТАРДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ:

  • Монтаждоо иштери учурдагы сертификаттардын алкагында жүргүзүлөт. Түтүктөрдү ширетүү, насосторду орнотуу, металл конструкцияларды орнотуу.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Кесиптик-техникалык же орто билим.
  • Төмөнкү күбөлүктөрдүн болушу керек:
    – Полиэтилен түтүктөрдү жана геомембрананы ширетүүчү-монтаждоочу
    – Дизелдик электр генератордук орнотмолордун оператору
    – Болот жана темир-бетон конструкцияларын орнотуу боюнча монтаждоочу
    – Слесардык жабдуулар менен иштөө боюнча оператор
    – Бийик тоолуу шарттарда тажрыйбага артыкчылык берилет.
    – Кен ишканаларында жана карьерлерде саркынды сууларды чыгаруу боюнча иш тажрыйбага артыкчылык берилет.
  • Жакшы физикалык ден соолук.
  • Ак ниеттүүлүк, жооп кайтаруучулук, стресске туруктуу болушу.

ИШТӨӨ ШАРТТАРЫ:

  • Жыл бою.
  • 11 сааттык смена (күнүнө 7 смена / түнкүсүн 7 смена).
  • Вахталык иштөө режими 14/14.
  • Иштеген жери – Кумтөр кени.

Резюме 2025-жылдын 09-июнунда саат 16.00дөн кечиктирбестен электрондук почта installer2526@kumtor.kg  аркылуу тапшырылышы керек.

ИНТЕРВЬЮГА ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУЛАРЫ ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА