НЕГИЗГИ КАРАЖАТТАР БУХГАЛТЕРИ (КУМТӨР КЕНИ)

НЕГИЗГИ КАРАЖАТТАР БУХГАЛТЕРИ (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 17 November 2022

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт 

Негизги каражаттар бухгалтери (Кумтөр кени)

Билдирүүнүн номери: KGC-22-262

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ:

  • Компаниянын негизги каражаттары жөнүндө маалыматтардын эсебин жүргүзүү, анын ичине каттоо, топтору боюнча классификациялоо, капиталдаштыруу, амортизация номаларын аныктоо, кайра баалоо, контролдоо жана негизги каражаттар менен капиталдык компоненттерди эсептен чыгаруу процесстерин коштоо, сарптоо борбору коддоруна дал келүү жана мезгилдүү инвентаризация да кирет;
  • Аталган учапстоктогу баштапкы документтерди кабыл алуу жана көзөмөлдөө жана аларды эсептик иштетүүгө даярдоо;
  • Материалдык жоопкерчилиги бар адамдар менен туралоолорду жүргүзүү;
  • Капиталдык сарптоолорго жана негизги каражаттарга байланыштуу ички жоболорду жана саясаттарды иштеп чыгууга катышуу;
  • Капиталдык жана операциондук долбоорлорго жооптуу менджерлерге капиталдык долбоорлордун сметаларын даярдоого жардам берүү, жана ошондой эле долбоорлорду колдоого активдештирүү, байкоо, тууралоо жана жабуу сыяктуу көмөк көрсөтүү;
  • Жылдык капиталдык бюджеттин долбоорлорун, кварталдык болжолдорду түзүүгө көмөк көрсөтүү;
  • Накта амортизацияны, ошондой эле бюджет жана болжолдоо максаттары үчүн эсептөөлөрдү жасоо.
  • Операциондук жана капиталдык сапртоолорго үзгүлтүксүз көзөмөл кылуу;
  • Финансылык мезгилди жабуу жол-жобосуна ылайык зарыл болгон бухгалтердик өткөрүүлөрдү даярдоо;
  • Накта сарптоолорду, четтөөлөрдү, бюджеттик жана болжолдук көрсөткүчтөргө шайкештигин талдоо;
  • Бухгалтердик эсепти финансылык отчеттуулук эл аралык стандарттарына (ФОЭC) ылайык жүргүзүү;

МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Билими, квалификациясы: каржы-экономикалык жаатта жогорку билими, САР/CIPA сертификаты болуу;
  • Иш тажрыйбасы (өнөр жай, кызматы, узактыгы): 3-5 жыл, (Ишп 4) аудит компанияларында иш тажрыйбасы кубатталат;
  • Билим жана көндүмдөрү: жогорку аналитикалык жөндөмдүүлүгү, көп сандаган маалымат менен иштөө жөндөмү, ФОЭС билими;
  • Жеке сапаттары: көп тапшырма режиминде тез иштей билүү , мыкты командалык иш жөндөмү, так, элпек, тыкан, стресске туруктуу, баарлашуу жөндөмүнө ээ;

Анкета жана резюмени 2022-жыл 1-декабрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот: (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-22-262.

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.