1-МАЙ – ӨЛКӨНҮ ЭМГЕГИ МЕНЕН КӨТӨРГӨН АДАМДАРДЫН МАЙРАМЫ

1-МАЙ – ӨЛКӨНҮ ЭМГЕГИ МЕНЕН КӨТӨРГӨН АДАМДАРДЫН МАЙРАМЫ

Жарыяланган: 30 April 2026

“Кумтөр Голд Компани” – бул күчтүү, ишенимдүү жана эмгекчил адамдардын чоң жамааты.

Тоо кенчилер, айдоочулар, инженерлер, металлургдар, энергетиктер, геологдор, дарыгерлер, экономисттер, ашпозчулар жана башка көптөгөн адистер күн сайын жалпы бир максат үчүн жан үрөп иштеп келишет.

Бийик тоолуу катаал шарттагы кен жайда, кеңселерде, компаниянын бардык объектилеринде алардын эмгеги мыкты жыйынтыкка, өнүгүүгө жана Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө багытталууда.

Демек, ишкананын ар бир жетишкендигинин артында ишин сүйгөн кесипкөй, жоопкерчиликтүү, кайраттуу дал ушул эмгекчилер турат.

Ар бир кызматкерге ак ниет эмгеги, жогорку жоопкерчилиги, ишине берилгендиги үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.

1-Май майрамыңыздар менен!

Эмгегиңиздерге береке, үй-бүлөңүздөргө бакубатчылык, келечекке бекем ишеним каалайбыз!