ЖУУП-ТАЗАЛООЧУ КАРАЖАТТАР, АШКАНА ИДИШТЕРИ, КАГАЗ ЖАНА ТЕКСТИЛЬ ПРОДУКЦИЯЛАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМА БЕРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 02 February 2026
ӨТҮНМӨЛӨРДҮ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026‑жылдын 10‑февралы, Бишкек убактысы менен саат 12:00.
Урматтуу айымдар жана мырзалар,
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) төмөндө көрсөтүлгөн товарларды жеткирип берүү боюнча эки топтомдон турган чектелбеген конкурска ыйгарым укуктуу жеткирүүчүлөрдү катышууга жана конкурстук документациясы менен Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык конкурстук табыштамаларды берүүгө чакырат:
- Лот №1 – Жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар;
- Лот №2 – Кагаз жана жууп-тазалоочу гигиеналык каражаттар;
- Лот №3 – Кагаз продукциясы;
- Лот №4 – Төшөк-орундар;
- Лот №5 – Ашкана идиштери жана аксессуарлар.
Конкурстук сунушка жана ага тиркелген документтерге, тиркемелерге жана баа сунуштарына конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам (адамдар) тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек.
Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Конкурска катышууну каалаган бардык каалоочуулар Чакырууга тиркелген №1, №2, №3, №4, №5, №6, №7 тиркемелердин баары менен таанышып, Чакыруунун №2, №3, №4, №5 Тиркемелерине ылайык формаларды толтуруп, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук форматта электрондук почта аркылуу жөнөтүүгө тийиш.
Конкурска катышуучулар өздөрүнүн конкурсқа катышуу үчүн Табыштамаларын электрондук почта аркылуу, көлөмү 25 МБдан ашпаган бир же бир нече кат менен жөнөтүшү керек.
Жөнөтүлчү каттагы биринчи топтомдун темасы: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар [компаниянын аталышы]»; экинчи топтом үчүн: «Баалык сунуш [компаниянын аталышы]». Каттар konkurs2026@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүүгө тийиш:
Конкурстук табыштаманы берүү тартиби
Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомо түрүндө тапшырышат, эки топтом бир убакытта тапшырылышы керек:
- №1 топтом – квалификациялык жана техникалык сунуштар (сыр сөзү жок берилет);
- №2 топтом – коммерциялык сунуш (файлга сыр сөз аркылуу кирүүгө тийиш, аны биринчи этапта ачууга болбойт, сыр сөз Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек).
1. Биринчи баскыч
1.1. Табыштамага төмөнкү документтер тиркелет:
- Акыркы эки жыл ичинде окшош товарларды жеткирүү тажрыйбасын тастыктаган келишимдердин көчүрмөлөрү;
- Кампа жайларынын менчикте же ижарада экенин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү (Буйрутмачынын продукциясынын бир бөлүгүн кампада сактоо мүмкүнчүлүгү менен);
- Лоттор үчүн документтер:
– Лот №1 Жуучу жана дезинфекциялоочу каражаттар – Шайкештик жөнүндө декларация, Коопсуздук паспортуMSDS;
– Лот №2 Кагаз жана жууп-тазалоочу гигиеналык каражаттар – Шайкештик жөнүндө декларация, Коопсуздук паспортуMSDS;
– Лот №3 Кагаз гигиеналык каражаттар – Шайкештик жөнүндө декларация;
– Лот №4 Төшөк-орундар – Шайкештик жөнүндө декларация;
– Лот №5 – Ашкана идиштери жана аксессуарлар –Шайкештик жөнүндө декларация.
- Салык жана камсыздандыруу боюнча карыздардын жоктугу тууралуу күбөлүктөрдүн түп нускаларынын сканерден алынган көчүрмөлөрү (Мамлекеттик салык кызматы, Социалдык фонд);
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүгүнүн түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү; (жеке ишкерлер үчүн – жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же колдонуудагы патенттин көчүрмөсү, ошол эле учурда ишмердиктин түрү сатып алуу заттарга дал келиши керек);
- Уставдын түп нускасынын сканерленген көчүрмөсү (юридикалык жактар үчүн);
- Ишеним кат же адамдын документтерге кол коюуга ыйгарым укугун тастыктаган башка документ;
- Кол койгон жактын паспортунун сканерленген көчүрмөсү;
- Акыркы 2024 жана 2025-жылдар үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн бардык тиркемелери (пайдалар жана чыгымдар жөнүндө отчет, капиталдын өзгөрүүлөрү жөнүндө отчет, акча агымдары жөнүндө отчет) жана БСД (Бирдиктүү салык декларациясы) менен түп нускадагы баланстын сканерленген көчүрмөсү;
- Сот ишинин катышуусуна катышуусу жөнүндө маалымат (акыркы үч жыл, анын ичинде учурдагы жыл);
- Конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация, (Чакыргууга №2 Тиркеме формасы боюнча);
- Ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме (Чакыргууга №3 Тиркеме формасы боюнча);
- Конкурстук табыштама (Чакыргууга №4 Тиркеме формасы боюнча).
1.2. Биринчи баскычтын жыйынтыгы боюнча экинчи баскычка кабыл алынган катышуучулардын тизмеси түзүлөт.
1.3. Экинчи баскычка кабыл алынбаган катышуучулар:
- документтердин толук топтомосун бербеген;
- сыр сөзү жок топтомо менен коммерциялык сунушту берген же сураганга чейин сыр сөз жөнөткөн;
- Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча экинчи топтомдун сыр сөзү берилбей калган учурда;
- кол коюлган конкурстук табыштаманын аткарылышына кепилдик берген декларация жок болгон учурда (Чакыргууга №2 Тиркеме формасы боюнча);
- кол коюлган ак ниеттүүлүк декларациясы жана коррупцияга каршы эскертме жок болгон учурда (Чакыргууга №3 Тиркеме формасы боюнча);
- кол коюлган конкурстук табыштама жок болгон учурда (Чакыргууга №4 Тиркеме формасы боюнча);
- Чакырууда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин документтерди тапшырганда.
- Буйрутмачынын коопсуздук кызматы жана каржы бөлүмү тарабынан аккредитацисынан өтпөгөн учурда.
1.4. Буйрутмачы өз каалоосу боюнча жеринде текшерүүнү, ошондой эле тесттик сатып алууларды жүргүзө алат.
- Экинчи баскыч – конкурстук табыштаманы баалоо
- Экинчи баскычка биринчи баскычтан ийгиликтүү өткөн катышуучулар гана катышууга уруксат берилет.
- Катышуучунун баа сунушу Чакырууга №5 тиркемесиндеги формага ылайык так түрдө толтурулат.
- Эгерде конкурска Катышуучу Чакырууга №5 тиркемесинде белгиленген формага ылайык келбеген баа сунушун жөнөткөн учурда, анын табыштамасы четке кагылат.
- Жеңүүчү болуп баа/сапат боюнча эң мыкты шарттарды сунуштаган, ошондой эле Техникалык Тапшырма шарттарына ылайык конкурстук табыштаманы берген катышуучу саналат.
- Конкурстун Катышуучу тарабынан көрсөтүлгөн продукциянын наркы бардык чыгашаларды, анын ичинде салыктарды, алымдарды, жыйымдарды, буйрутманын кампасына жеткирүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынган башка төлөмдөрдү, ошондой эле кызмат көрсөтүү мөөнөтүн эске алуу менен келишимдик милдеттенмелерди аткаруу үчүн Келишимде көрсөтүлгөн тейлөө мөөнөтүн эске алуу менен башка чыгымдарды камтууга тийиш.
- Жеткирүүчүнүн баа сунушу конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтүнөн тартып 60 (алтымыш) календардык күн бою жарактуу болушу керек;
- Товарды жеткирүү, жүктөө жана түшүрүү чыгымдары Жеткирүүчүнүн эсебинен жүргүзүлөт жана баага киргизилиши зарыл.
Баалоо критерийлери:
- Баа/сапат катышы боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган, белгиленген квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучунун сунушу жеңүүчү деп таанылат;
- Буйрутмачы бир негизги жана эки резеврдик жеткирүүчүнү тандайт;
- Тандалган негизги жеткирүүчү менен товар жеткирүү боюнча келишим түзүлөт. Негизги жеткирүүчү келишимди туура аткарбаган учурда же продукциянын баасын жогорулатуу жөнүндө билдирсе, Буйрутмачы резервдик жеткирүүчүлөргө кайрылууга укуктуу.
- Экинчи жана үчүнчү резервдик жеткирүүчү менен алкактык келишим түзүлөт.
Келишимди аткарууга кепилдик милдеттенме (мындан ары – КАКМ)
- Конкурстун жыйынтыгында келишим түзүү укугу берилген катышуучу (негизги жеткирүүчү) жеткирүү келишиминин жалпы суммасынын 2 % өлчөмүндө КАКМ төлөмүн киргизүүгө же КАКМ катары банктык кепилдик берүүгө тийиш;
- Алкактык келишим түзүү укугу берилген катышуучулар КАКМ төлөмүн киргизишпейт.
- Жеңүүчү катышуучу ГОИД төлөмүн киргизүүдөн баш тарткан учурда буйрутмачы кийинки катышуучу — тандалган резервдик жеткирүүчү менен келишим түзүүгө укуктуу.
- КАКМ төлөмү төмөнкү учурларда буйрутмачынын тастыктоосунун негизинде жеткирүүчүгө 7 (жети) иш күнүнөн кеч эмес мөөнөттө кайтарылат:
- Келишим боюнча бардык милдеттенмелер, анын ичинде бардык кепилдиктик милдеттенмелер (кепилдик мөөнөтү) аткарылганда;
- Келишим форс-мажордук жагдайлардын айынан бузулган учурда.
- КАКМ төлөмүн аткаруу үчүн банктык реквизиттер Чакыруунун №7 Тиркемесинде көрсөтүлгөн.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «10» февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 12:00 чейин.
- Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды ылайык макул болот, анын ичинде Чакырууга №6 Тиркемесине ылайык келишимдин шарттары.
- Тандоонун ар бир катышуучусу ар бир лот үчүн бир гана сунуш бере алат.
- Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Zarina.Andasheva@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.
Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.
Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу.
БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР