ЖУУЧУ КАРАЖАТТАРДЫ, ТИРИЧИЛИК ТЕХНИКАСЫН, ИДИШ-АЯКТЫ, БРЕНДДЕЛГЕН ЖИЛЕТТЕРДИ, ЖАБДУУЛАРДЫ ЖАНА ДЕКОРАТИВДИК ӨСҮМДҮКТӨРДҮ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

ЖУУЧУ КАРАЖАТТАРДЫ, ТИРИЧИЛИК ТЕХНИКАСЫН, ИДИШ-АЯКТЫ, БРЕНДДЕЛГЕН ЖИЛЕТТЕРДИ, ЖАБДУУЛАРДЫ ЖАНА ДЕКОРАТИВДИК ӨСҮМДҮКТӨРДҮ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО

Жарыяланган: 13 April 2026

АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 22-апрели, саат 10:00.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (мындан  ары – Буйрутмачы) Техникалык тапшырманын талаптарына ылаык жуучу каражаттарды, тиричилик техникасын, идиш-аякты, брендделген жилеттерди, жабдууларды жана декоративдик өсүмдүктөрдү жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо процедурасына катышууга чакырат.

Товарлардын тизмеси Excel таблицада көрсөтүлгөн.

Сунуштар үчүн жалпы талаптар

  1. Коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек, ошондой эле уюмдун мөөрү басылыш керек (эгерде бар болсо).
  2. Тапшырылуучу документтердин форматы PDF.
  3. Каттын темасы төмөнкүчө болушу керек:
     “[Компаниянын аты] жеткирүү үчүн баа сунуштарына суроо-талап”
  4. Сунушту электрондук почта дарегине жөнөтүү керек Zarina.Andasheva@kumtor.kg

Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында жазылышы керек.

Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 22-апрели саат 10:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).

Сунуштун мазмуну

Сунушта төмөнкүлөрдү жазуу керек:

  1. Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК
  2. Кимден: катышуучу компаниянын толук аты
  3. Байланыш маалыматтары: юридикалык дареги, телефон номери, жооптуу адамдын электрондук почтасы
  4. Сунуштун даярдалган датасы, кол тамга жана мөөр
  5. Сунушталган товардын аталышы
  6. Продукциянын техникалык мүнөздөмөлөрү жана сүрөттөрү (эгер бар болсо)
  7. Бирдик баасы, бардык тиешелүү салыктар жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүүнү эске алганда
  8. Жеткирүү орду: Бишкек, Ибраимов көчөсү 24, «КГК» ЖАК / Балыкчы ш. кампасы, Нарын шоссеси 9, станция коду 721900
  9. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн)
  10. Товарларды жеткирүү убактысы

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР