Жарыяланган: 03 April 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 8-апрели, саат 17:00.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди жол коопсуздугунун каражаттарын жеткирип берүү үчүн котировкаларды суроого катышууга чакырат.
| Товарлардын тизмеси:
|
Лот №1
1. Жол коопсуздугунун каражаттары Бөлүнүүчү лот. |
| Тапшыруу форматы: | Катышуу үчүн табыштамага жана башка документтерге, табыштамага кол коюуга жана келишим боюнча милдеттенмелерди өзүнө алууга ыйгарым укуктуу адам кол коюшу керек.
Документтерге кол коюлуп, PDF форматында берилиши керек. |
| Сунуштарды
тапшыруу тартиби
|
Тандоонун катышуучулары:
1) Квалификация жана аккредитациядан өтүшү керек. Документтерге шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/ 2) Табыштамаларды конкурстун талаптарына ылайык орус тилинде бериши керек, талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө Sbd@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 8-апрели, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин жөнөтүүгө тийиш. |
| Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: | Жеткирип берүүчүлөрдү тандап алуу үчүн берилген коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:
· Товардын аталышы; · Техникалык баяндама; · Баардык салыктарды жана сатып алуучунун кампасына чейинки жеткирип берүүнү эске алгандагы баа; · Жеткирип берүү мөөнөттөрү; · Төлөө шарттары; · КСтин жарактуулук мөөнөтү тапшырган күндөн тартып кеминде 30 календардык күн болушу керек. · Сунушталган товардын сертификатын көрсөтүү милдеттүү! |
| Баалоо
критерийлери: |
Жеңүүчү деп Техникалып тапшырмадагы товардын техникалык баяндамасына дал келген Конкурстук сунушту жана эң төмөн бааны берген сунуш таанылат. |
| «Sdb2026@kumtor.kg» темасы көрсөтүлгөн сунуштарды Sdb2026@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 08-апрели, (Бишкек убактысы боюнча) саат 17:00гө чейин жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы келишимди ыйгаруу алдында каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же
четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди албайт. |
|
| Конкурстук сунуш расмий бланкта даярдалышы керек керек. | |
| Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушун тапшыруу менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Ар бир Катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Конкурс сунушунун мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. Конкурс сунушунун мөөнөтү ичинде сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт. |
|
| Бул конкурс боюнча бардык суроолор adina.azykova@kumtor.kg.электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. | |
| Тандоонун шарттарын тактоо боюнча суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 календардык күн мурун жөнөтүлүшү керек. | |
Тиркемелер: