ЮРИДИКАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ЮРИДИКАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 08 December 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 22.12.2025, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Юридикалык бөлүмүнүнө эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Юриспруденция багыты боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2025-жылга чейин бүтүрүүчүлөрдүн арыздары кабыл алынат);
  • Кесиптик тажрыйба;
  • MS Office программаларын ишенимдүү билүү;
  • Иш кагаздарын жүргүзүү көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө;
  • Кыргыз жана орус тилдерин билүү;
  • Стресске туруктуулук, командада иштей билүү.

Милдеттер:

  • Документтердин баштапкы долбоорлорун даярдоо;
  • Бөлүмдүн архивин жүргүзүү;
  • Маалыматтык маалым каттарды даярдоо;
  • Бар болгон иштер боюнча сот актыларынын даярдыгын көзөмөлдөө жана өз убагында алуу;
  • Юридикалык бөлүмдүн кызматкерлерине техникалык жардам көрсөтүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 22-декабрында 16.00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.