ВИДЕО — “ЖАШЫЛ МУРАС” – КЕЛЕЧЕККЕ ЖАСАЛГАН ЗОР ИНВЕСТИЦИЯ!

ВИДЕО — “ЖАШЫЛ МУРАС” – КЕЛЕЧЕККЕ ЖАСАЛГАН ЗОР ИНВЕСТИЦИЯ!

Жарыяланган: 05 June 2025

2022-жылы Президент Садыр Жапаров жалпы элге чакырык таштап, күнүмдүктүн эмес, түбөлүктүн ишине из салды. Жалпы республика боюнча “Жашыл Мурас” бак тигүү өнөктүгүн баштап, жыл сайын 6-7 миллион көчөт отургузуу тапшырмасын койду.

Чынында “Жашыл Мурас” – бул жөн гана катардагы демилге эмес, бул – келечекке жасалган зор инвестиция. Ар бир отургузулган көчөт – бул өлкөбүздүн келечегине кошкон салым. Анткени токойлор – планетанын экологиялык тең салмактуулугун кармоодо, абаны тазалоодо, суу ресурстарын коргоодо жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоодо чечүүчү ролду ойнойт.

“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому өлкө жетекчилигинин демилгесинин алкагында, өлкөбүздүн ар кайсы аймагына массалык түрдө көчөт отургуза баштады.

Ооба, Кумтөр саналуу көчөттөрдү отургузуу менен чектелбей, гектарлаган аянттарга бак тигүүгө киришти. Болгондо дагы сапаттуу, көп жылдык бак-дарактардын көчөттөрүнө басым жасады.

ЖАСАЛЫП ЖАТКАН ИШТЕР ТУУРАЛУУ КЕНЕНИРЭЭК ВИДЕОДО: