УЛЬТРАМАЙДА МАЙДАЛООЧУ ТЕГИРМЕНДИН (УМТ) КОРПУСУНУН ОБЕЧАЙКАСЫНЫН РЕЗИНА ФУТЕРОВКАСЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА

УЛЬТРАМАЙДА МАЙДАЛООЧУ ТЕГИРМЕНДИН (УМТ) КОРПУСУНУН ОБЕЧАЙКАСЫНЫН РЕЗИНА ФУТЕРОВКАСЫН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 19 February 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 26-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК сизди ультрамайда майдалоочу тегирмендин (УМТ) корпусунун обечайкасынын резина футеровкасын калыбына келтирүү үчүн талап жөнөтүү ыкмасы менен өткөрүлүүчү конкурска катышууга чакырат.

Тапшыруу форматы: Табыштамага жана башка документтерге табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык сунуштарын орус тилинде жана тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө Zhyldyzkan.Satybekova@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 26-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө чейин жөнөтүшү керек.

Башка почтага же мөөнөтүнөн кийин келген конкурстук сунуштар каралбайт.

Конкурска катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: Коммерциялык сунуш, төмөнкүлөрдү эске алуу менен:

∙ Кызмат көрсөтүү мөөнөттөрү

∙ Төлөм шарттары

∙ Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн)

Баалоо критерийлери: Тандоодон өткөн сунуш деп эң төмөн баа берген, оптималдуу кызмат көрсөтүү мөөнөтүн көрсөткөн сунуш табылат.
Сунуштарды Zhyldyzkan.satybekova@kumtor.kg почтасына 2026-жылдын 26-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө чейин жөнөтүү керек.
Буйрутмачы, келишим берилгенге чейин, катышуучулардын сунушун кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу, ошол эле учурда катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерге ээ эмес.
Катышуунун сунушу расмий бланкта болушу керек.
Конкурстун катышуучуларынын көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.

Сунушту тапшыруу менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макул экенин билдирет.

Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт.

Аванс төлөнө турган учурда, жеңүүчү компания аванстык төлөөнүн көлөмүнөн кем эмес суммада авансты кайтарууну камсыз кылган банктык кепилдикти камсыздоого милдеттүү.

Банктык кепилдик Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан корреспондент‑банк тарабынан авизо жөнөтүүгө тийиш. Банктык кепилдиктерди авизо жөнөтүүгө байланыштуу бардык чыгымдарды Жеткирүүчү өз мойнуна алат.

Ушул конкурс тууралуу бардык суроолор Zhyldyzkan.satybekova@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.

Тандоо шарттарына түшүндүрмө алуу үчүн суроолорду сунуштарды тапшыруу мөөнөтүнүн аяктаганына 3 календардык күн калганга чейин тапшыруу керек.

 

Техникалык тапшырма

УМТ тегирменинин корпусунун обечайкасынын резина футеровкасын калыбына келтирүү үчүн

п/п № Сатып алынуучу товарлардын/ кызматтардын талаптарынын параметрлери (сатып алуу предмети) Товарлар, жумуштар, кызматтар боюнча конкреттүү талаптар
1 Аталышы/жумуштун түрү саны/көлөмү/ өлчөө бирдиги

 

Ультрамайда майдалоочу тегирменинин УМТ корпусунун обечайкасынын резина футеровкасын калыбына келтирүү

Тегирмен модели: ISA Mill

Калыбына келтирүү үчүн обечайканын саны – 3 даана.

Обечайка көлөмү: диаметри 2080 мм, узундугу 4680 мм. Салмагы 3000 кг. Резина футеровканын калыңдыгы 50 мм.

2 Товарды жеткирүү, кызмат көрсөтүү/жумуштарды аткаруу жери Буюмду алып кетүү жери: Кыргыз Республикасы, Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9.

Жумуш аткарылуучу жай:, ширетүү, металл иштетүү жана резина-керамика иштери үчүн керектүү жабдуулары бар аткаруучунун өндүрүш цехи.

Жумуштар аяктаган соң төмөнкү дарекке жеткирүү керек: Кыргыз Республикасы, Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9.

3 Товарды жеткирүү, кызмат көрсөтүү мөөнөтү ·         Келишимде көрсөтүлөт
4 Иштерди аткаруунун тартиби (ырааттуулугу, этаптары) ·         Келишимди макулдашуу.

·         Футеровкалар үчүн колдонула турган материалдар боюнча макулдашуу.

·         Эскирген резина футеровкаларын алып салуу.

·         Металлдын бетин даярдоо. Обечайканын ички бөлүгүн толугу менен тазалоо, кум аткыч менен иштетүү жана майсыздандыруу.

·         Калыңдыгы 50 ммден аз болбогон резина футеровкасын обейчакага чаптоо.

·         Зарыл болсо обечайканын сыртын сырдоо.

·         Аткарылган иштин сапатын көзөмөлдөө.

·         Буюмдарды жеткирилүүчү жерге транспорттоо.

5 Жеткирилүүчү товарларга, аткарылуучу иштерге жана көрсөтүлө турган кызматтарга коюлуучу талаптар: ·         Абразивдик эскирүүгө туруктуу материалдын колдонулушу.

·         Сүрүлүшкө туруктуулук.

·         Флотации процессинде колдонулган дизель жана башка реагенттерге туруктуулук.

·         Резинанын катуулугу Шору боюнча 40 бирдик. Duro40

·         Резинанын кошулган жерлерин сапатуу жана толук толтуруу.

6 Товарларды, кызматтарды, иштердин жыйынтыктарын тапшыруу жана кабыл алуу тартиби ·         Буюмдар кенге жеткирилген соң, Буйрутмачынын комиссиясы тарабынан аткарылган иштердин актысы боюнча кабыл алуу жүргүзүлөт.

·         Подрядчы аткарылган иштер боюнча кеңири отчетту, колдонулган материалдардын сертификаттарын, футеровканын калыңдыгын жана адгезиясын көзөмөлдөөнүн жыйынтыктарын берет.

·         Обечайка тегирменге орнотулгандан кийин ай сайын ВӨК (визуалдык-өлчөө контролу) жүргүзүлөт. Эгерде кемчиликтер аныкталса, аткаруучу аларды өз эсебинен жоюуга милдеттүү.

7 Иштерди бүткөрүү жана тапшыруу боюнча техникалык жана башка документтерди Буйрутмачыга өткөрүп берүү талаптары ·         Аткарылган иштердин актысы (отчет).

·         Колдонулган материалдарга тиешелүү шайкештик сертификаттары, паспорттор же башка документтер.

·         Футеровканын калыңдыгын жана адгезиясын текшерүүнүн протоколу.

·         Калыбына келтирүүгө чейин жана андан кийин тартылган сүрөттөр.

8 Кепилдик милдеттенмелер ·         Аткаруучу калыбына келтирилген обечайканын эксплуатациялык мөөнөтүн төмөнкүдөй кепилдөөгө милдеттүү:

a.       тегирменге орнотулган учурдан тартып кеминде 12 ай.

b.      же обечайка жеткирүү пунктуна тапшырылган учурдан тартып кеминде 18 ай.

9 Буюмдун сапатын жана кызмат өтөө мөөнөтүн жакшырта турган шарт менен эквиваленттүү техникалык чечимдерди колдонууга жол берилет;

Эгерде техникалык артыкчылыктар бар болсо, Буйрутмачы ушул техникалык тапшырмадан жарым-жартылай айырмаланган сунушту кабыл алууга укуктуу. Бул учурда өзгөртүүлөр жана тиешелүү деталдар келишимде милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш.

                                                                     

Тиркеме №1. Колдонулган обечайкалардын сүрөтү: