ТОВАРЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮГӨ КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО ЫКМАСЫН КОЛДОНУУ МЕНЕН КОНКУРС (2 ЛОТ)

ТОВАРЛАРДЫ ЖЕТКИРҮҮГӨ КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО ЫКМАСЫН КОЛДОНУУ МЕНЕН КОНКУРС (2 ЛОТ)

Жарыяланган: 09 February 2026

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 13-февраль саат 17:00 чейин.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (Буйрутмачы) укуктуу берүүчүлөрдү төмөнкү товарларды жеткирүүгө котировкаларды суроо ыкмасын колдонуу менен конкурска катышууга чакырат:

Лот №1 – КИСЛОТАЛАР, ЩЕЛОЧТОР ЖАНА МУНАЙ ӨНҮМДӨРҮНҮН СОРБЕНТИ, ГРАНУЛДАШКАН, (10КГ КАПТАР), ТУ 2164-007-42754173-2015 – жалпы 800 кап.

Лот №2 – МОНОТИЛЕН ГЛИКОЛЬ 99.9% (230 КГ/БОЧКАЛАР) ГОСТ 19710  жалпы 3 бочка.

Бөлүнүүчү лоттор

Тапшыруу форматы: Конкурстук табыштамага жана башка документтерге табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби

 

Коммерциялык сунушка ыйгарым укуктуу өкүл кол коюп, мөөр басылышы керек.

Коммерциялык сунушта «Баа сунушу [компаниянын аталышы жана Лоттун номеридеген тема болушу керек жана  chemistry2026@kumtor.kg дарегине жөнөтүлүшү керек.

Башка почтага келген конкурстук сунуштар каралбайт.

Конкурска катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: Коммерциялык сунушту (КС) даярдоодо милдеттүү түрдө төмөнкү шарттарды көрсөтүү керек:

• Жеткирүү мөөнөтү

• Жеткирүү шарттары

• Төлөм шарттары

• КСнын жарактуулук мөөнөтү (30 календарных күндөн кем эмес).

Коммерциялык сунушка сапат Сертификаты жана коопсуздук боюнча маалымат баракчасы тиркелиши керек.

Баалоо критерийлери: Белгиленген техникалык талаптарга жооп берген жана баасы/сапаты/жеткирүү мөөнөтү/жеткирүү шарттары боюнча эң жакшы шарттарды сунуштаган катышуучунун сунушу жеңүүчү болуп таанылат.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын «13» февраль, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00 чейин.
Буйрутмачы тиешелүү Катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу.

Буйрутмачы көрсөтүлгөн чакыруунун алкагында арыз ээси тарткан кандайдыр бир чыгымдардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмеден баш тарткандыгы жөнүндө сөзсүз билдирет.

Тандоонун катышуучулары тарабынан белгиленген мөөнөттөн кийин берилген конкурстук табышмалар жана/же өтүнмөлөр кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өзүнүн сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарды ылайык макул болот.

Конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Chynara.dzhaksygulova@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек.