ТОО-КЕН-ӨНДҮРҮШ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  03 July 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 17.07.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Тоо-кен-өндүрүш бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Тоо-кен тармагында жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом;
 
- Microsoft Office программаларын ишенимдүү колдонуу;
 
- Натыйжалуу баарлашуу көндүмдөрү;
 
- Кесиптик көндүмдөрдү өздөштүрүүнү каалоо;
 
- Позитивдүү эмоционалдык маанай;
 
- Жеке сапаттар: эмгекчилдик, тырышчаактык, командада иштей билүү;
 
- Бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ылайыктуулук;
 
- Көндүмдөрдү үйрөнгөндөн кийин, отчетторду презентация түрүндө бере билүү. 
 
Милдеттери:
- Кендерди ачык жол менен иштетүүдө коопсуз иштөө ыкмаларын үйрөнүү жана түшүнүү;
 
- Отчеттук системаларды жана иш кагаздарын башкаруу көндүмдөрүн өздөштүрүү;
 
- Карьерде колдонулган алдыңкы технологиялар менен таанышуу;
 
- Диспетчердик кызматтын жана MineSense системасынын ишмердүүлүгүн изилдөө;
 
- Түздөн-түз жетекчинин ар кандай тапшырмаларын аткаруу;
 
- Коопсуздук техникасы боюнча эрежелерди жана нормаларды, ошондой эле Компаниянын Жоболорунда (Саясаттарында) белгиленген эмгек тартибин такшалуунун бүткүл мезгили үчүн сактоо. 
 
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
 
- Такшалма өтүү жери – “Кумтөр” кени
 
- Такшалма графиги – 14/14
 
Тандоого катышуу үчүн:    
- 2024-жылдын 17-июлундан, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.