Жарыяланган: 20 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 26-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 12:00.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (мындан ары “КГК”) сиздин компанияңызды темир бетон буюмдарын жана габион конструкцияларын жеткирүү боюнча баа сунуштарын тапшырууга чакырат.
| № | Аталышы | Саны | Өлчөө бирдиги |
| 1-лот | ГАБИОН КОРОБКАЛУУ: ГСИ-K, 3X1X0.5 (ДХШХВ), S80, 2.7/3.7 ЦП, ГОСТ Р 52132–2003 ӨЛЧӨМДӨРҮ – 3000X1000X500 ММ (ДХШХВ). | 80 | даана |
| 2-лот | МОНОЛИТТИК ТИРӨӨЧҮ ДУБАЛ ПСМ 24.15–2 (СЕРИЯ 3.00.1–2) МУЗГА ЧЫДАМДУУЛУК F300, СУУ ӨТКӨРБӨӨЧҮ КАСИЕТ W8, ПРОДУКТТУН БАРДЫК БЕТТЕРИНЕ БИТУМДУК СУУ ӨТКӨРБӨС МАСТИКА КОЛДОНУЛГАН. ӨЛЧӨМДӨРҮ – 3000x1500x2400 (ДxШxВ) ММ. САЛМАГЫ – 5.55 тонна. | 18 | даана |
| 3-лот | БАСЫМСЫЗ АРМАТУРАЛАНГАН БЕТОН ТҮТҮК, ДИАМЕТРИ 1.4 МЕТР, РАСТРУБДУК T140.25-2
|
6 |
даана |
| 4-лот | ТЕМИР-БЕТОН СУУ ӨТКӨРГҮЧ ТҮТҮК ZP 11.100-М (МУЗГА ТУРУКТУУЛУГУ – F300, СУУ ӨТКӨРБӨӨЧҮ КАСЕИТ – W8) ПРОДУКТТУН БАРДЫК БЕТТЕРИНЕ БИТУМ СУУ ӨТКӨРБӨС МАСТИКА КОЛДОНУЛГАН. ӨЛЧӨМДӨРҮ 2260X2500X1000мм. САЛМАГЫ – 4.2 тонна. | 96 | даана |
Тапшыруу форматы: Коммерциялык сунуш (мындан ары – «КC”) PDF форматында тапшырылып, келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Ошондой эле, КC ишкананын расмий бланкында түзүлүп, кол коюлуп, мөөр басылышы керек.
Сунуштарды тапшыруу тартиби: Тандоо катышуучулары орус же кыргыз тилдеринде KС даярдалып 2026-жылдын 27-февралында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) gbi.info@kumtor.kg электрондук почта дарегине электрондук түрдө жөнөтүлүшү керек.
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн сунушталган коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек:
Жеткирүү орду: Кыргызстан, Балыкчы ш., Нарын шоссеси 9, станция коду 721900
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери: Жеңүүчү — сүрөттөмөгө туура келген коммерциялык сунуш жана эң төмөн баа берген сунуш.
Өз сунушун берүү менен, катышуучу компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул болот.
Буйрутмачы келишим берилгенге чейин каалаган убакта сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга укуктуу, ошондой эле тандоо процессин токтотууга укуктуу, тиешелүү катышуучуларга эч кандай милдеттенме албастан.
Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөрдөн кийин тапшырылган коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Ар бир тандоо катышуучусу бир гана коммерциялык сунушту бере алат. Тандоо мөөнөтү учурунда коммерциялык сунушка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилбейт. Бул тандоо боюнча бардык суроолор төмөнкү электрондук почта аркылуу жөнөтүлүшү керек: nurlan.semetov@kumtor.kg Тандоо шарттарын тактоо өтүнүчтөрү сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнөн 3 күн мурун жөнөтүлүшү керек.