Жарыяланган: 17 December 2025
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 30-декабры, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтор Голд Компани» ЖАК, Бишкек ш., Ибраимов көч., 24 дарегинде жайгашкан, бардык кызыкдар катышуучуларды Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык Кыргыз Републикасындагы юридикалык компаниялардын кызматтарын сатып алууга бир этаптуу эки пакеттүү ыкма менен катышуу чектелбеген конкурска катышууга чакырат.
Конкурстун катышуучулары 2025-жылдын 30-декабры саат 12-00дөн кеч эмес (Бишкек убактысы боюнча) тиешелүү формаларды толтуруп жана талап кылынган документтерди тиркеп, өзүнүн конкурстук өтүнмөлөрүн электрондук түрдө lawkg2026@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүүгө тийиш.
Конкурстук өтүнмө конкурстук өтүнмөнү кепилдеген декларация менен бирге берилиши керек.
Конкурстук өтүнмө 60 календардык күн ичинде жарактуу болууга тийиш. Кошумча маалыматты же конкурстук документтердин түшүндүрмөлөрүн алуу үчүн конкурстук өтүнмөлөрдү берүүнүн акыркы мөөнөтү аяктаганга чейин 3 күн мурун 2025-жылдын 26-декабры саат 15-00дөн кеч эмес Gulnur.Shirdakova@kumtor.kg электрондук дарегине суроо-талапты жиберүүгө тийиш.
Сатып алуучу уюм анын көзөмөлүнөн тышкары жагдайлардан улам пайда болгон ар кандай кечиктирүүлөр үчүн жооптуу деп эсептелбейт.