ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК ЧАРБАЛЫК-ТИРЧИЛИК, САНИТАРДЫК-ГИГИЕНАЛЫК ЖАНА ТАҢГАКТООЧУ ТОВАРЛАРДЫ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ ҮЧҮН КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК ЧАРБАЛЫК-ТИРЧИЛИК, САНИТАРДЫК-ГИГИЕНАЛЫК ЖАНА ТАҢГАКТООЧУ ТОВАРЛАРДЫ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ ҮЧҮН КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО

Жарыяланган: 13 March 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 10:00 (Бишкек убактысы боюнча) 2026-жылдын 20-марты.


«Кумтор Голд Компани» ЖАК (мындан ары – Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык чарбалык-тирчилик, санитардык-гигиеналык жана таңгактоочу товарларды жеткирип берүү үчүн котировкаларды суроого катышууга чакырат:

ТТ № 1 таңгактоочу жана бир жолку колдонулуучу биочирүүчү продукцияга (саны ТТда көрсөтүлгөн):

  1. Кофе үчүн чыпкалар
  2. Биочирүүчү тамак-аш үчүн целлофан баштыктар, рулондо;
  3. Тамак-аш фольгасы;
  4. Колу бар баштыктар;
  5. Бир жолку колдонулуучу стакандар, биочирүүчү;
  6. Тамак-аш плёнкасы, биочирүүчү (45см ге 300м);
  7. Таштанды үчүн биочирүүчү баштык, кичинекей;
  8. Таштанды үчүн биочирүүчү баштык, чоң;

ТТ № 2 санитардык-гигиеналык жана текстилдик продукцияга (саны ТТда көрсөтүлгөн):

  1. Чачтар үчүн торлор;
  2. Марля;
  3. Бир жолку колдонулуучу винил кол каптары (S, M, L өлчөмдө);
  4. Бир жолку колдонулуучу винил кол каптары (жеңи узун);
  5. Вафелдик сүлгү;

 ТТ № 3 чарбалык инвентарь жана тазалоо үчүн каражаттарга (саны ТТда көрсөтүлгөн):

  1. Швабра үчүн сап, русалка(чүпүрөк) үчүн бекитмеси менен;
  2. Швабра үчүн чүпүрөк;
  3. Колу бар щетка;
  4. Ершик;
  5. Унитаз үчүн гигиеналык кагаз үчүн диспенсер;
  6. Душка түшүүчү кабина үчүн килемче;
  7. Унитаздык стульчагына гигиеналык кагаз;
  8. Тиричилик шыпыргысы;
  9. Таштанды үчүн калак;
  10. Чаң соргучтар үчүн каптар;

ТЗ № 4 гриль тазалагычка (саны ТТда көрсөтүлгөн):

  1. Тазалагыч, гриль үчүн кирпич;

ТЗ № 5 бышыруу үчүн силикондоштурулган пергамент жана кекстер үчүн калыптар (саны ТТда көрсөтүлгөн):

  1. Бышыруу үчүн силикондоштурулган пергамент;
  2. Кекстер үчүн кагаз калыптар;

ТЗ № 6 терезелер үчүн күндөн коргоочу пленкага (саны ТТда көрсөтүлгөн):

  1. Терезелер үчүн күндөн коргоочу пленка;

Ар бир позиция өзүнчө каралат!

Сунуштарга коюлган жалпы талаптар

  1. Сунуш коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлуп, ошондой эле уюмдун мөөрү менен бекитилиши керек (бар болсо).
  2. Документтерди берүү форматы — PDF.
  3. Каттын темасы төмөнкүдөй болушу керек:
    «Жеткирип берүү үчүн котировкаларды суроо [компаниянын аталышы]»
  4. Сунуштар төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлөт:
    Zarina.Andasheva@kumtor.kg

Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында берилиши керек.

Сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 20-марты, саат 10:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).

Сунуштун мазмуну

Сунушта төмөнкүлөрдү көрсөтүү керек:

  • Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК
  • Кимден: катышуучу компаниянын толук аталышы
  • Байланыш маалыматтары: юридикалык дарек, телефон, жооптуу адамдын e‑mail дареги
  • Сунуш түзүлгөн дата, кол жана мөөр
  • Сунушталып жаткан товардын аталышы
  • Товардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана сүрөттөрү (бар болсо)
  • Товардын бирдик баасы, бардык тиешелүү салыктар жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүүнү эске алуу менен
  • Жеткирүү жери: Бишкек шаары, Ибраимов көч. 24/1, «КГК» ЖАКтын кампасы / Балыкчы шаары, Нарын шоссеси 9, станция коду 721900
  • Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн)
  • Товарды жеткирүү мөөнөттөрү

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР