ТЕХНИКАЛЫК СҮЛГҮЛӨРДҮ, ТОКУЛБАГАН КЕЗДЕМЕЛЕРДИ ЖАНА ТАШТАНДЫ ҮЧҮН БАШТЫКТАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА
Жарыяланган: 19 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (мындан ары – Буйрутмачы) Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык, техникалык сүлгүлөрдү, токулбаган кездемелерди жана таштанды үчүн баштыктарды жеткирүү боюнча баа сунуштарын берүүгө чакырат:
- Техникалык сүлгүлөр – 15 000 түрмөк;
- Токулбаган кездеме (сүлгүлөр) – 150 түрмөк;
- Таштанды үчүн баштыктар (көлөмү 120 литр, өлчөмү 700 x 1100 мм, ар бир түрмөктө 10 даана, кара түстө) – 5000 түрмөк;
- Курулуш калдыктары үчүн таштанды баштыктары (көлөмү 240 литр, туурасы 93 см, узундугу 130 см, тыгыздыгы 70 микрон, материалы LDPE, кара түстө) – 2000 түрмөк.
Сунуштар үчүн жалпы талаптар
- Коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек, ошондой эле уюмдун мөөрү басылыш керек (эгерде бар болсо).
- Тапшырылуучу документтердин форматы PDF.
- Каттын темасы төмөнкүчө болушу керек:
“[Компаниянын аты] жеткирүү үчүн баа сунуштарына суроо-талап”
- Сунушту электрондук почта дарегине жөнөтүү керек Zarina.Andasheva@kumtor.kg
Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында жазылышы керек.
Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 25-февралында саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).
Сунуштун мазмуну
Сунушта төмөнкүлөрдү жазуу керек:
- Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК
- Кимден: катышуучу компаниянын толук аты
- Байланыш маалыматтары: юридикалык дареги, телефон номери, жооптуу адамдын электрондук почтасы
- Сунуштун даярдалган датасы, кол тамга жана мөөр
- Сунушталган товардын аталышы
- Продукциянын техникалык мүнөздөмөлөрү жана сүрөттөрү (эгер бар болсо)
- Бирдик баасы, бардык тиешелүү салыктар жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүүнү эске алганда
- Жеткирүү орду: Бишкек, Ибраимов көчөсү 24, «КГК» ЖАК / Балыкчы ш. кампасы, Нарын шоссеси 9, станция коду 721900
- Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн)
- Товарларды жеткирүү убактысы
ТЗ на технические полотенце
ТЗ на ветошь