ТЕХНИКАЛЫК КОНТРОЛДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  14 February 2024
                ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Техникалык контролдоо бөлүмүнө (ТКБ) эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Билим, квалификация: Түстүү металлургия же пайдалуу кен-байлыктарын байытуу тармагында;
 
- Иш тажрыйбасы (тармак, кызмат, канча убакыт): Окшош профилдеги инженердик-техникалык кызматтарда адистик боюнча иш тажрыйбасы артыкчылык болот;
 
- Билим жана көндүмдөр: Приоритеттерди коюу, командада иштөө, көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү, стресске чыдамдуулук жана бир эле учурда бир нече тапшырмаларды аткаруу жөндөмдүүлүгү;
 
- Жеке сапаттар: Жоопкерчилик, тыкандык, тартиптүүлүк;
 
- Кошумча көндүмдөр (тилдерди билүү, компьютердик программалар ж.б.): Программалык камсыздоону билүү (MS Office), тилдерди билүү артыкчылык болот.
 
Милдеттер:
- Белгиленген стандарттарга ылайык технологиялык өлчөөлөрдү жана анализдерди, физикалык, химиялык жана башка изилдөөлөрдү жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү;
 
- Эксперименталдык иштерди колдоо, өндүрүштүк сыноолорго, жаңы фабрикалык долбоорлорго катышуу;
 
- Лабораториялык жабдуулардын, приборлордун жана жумуш орундарынын абалы эмгекти коргоо талаптарына жооп беришин камсыздоо жана орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча чараларды көрүү;
 
- Белгиленген отчеттуулук формаларын даярдоого жана тапшырууга көмөктөшүү;
 
- Контролдук өлчөөлөрдү, мониторингди, эсептөөлөрдү жана өндүрүш үчүн зарыл болгон башка иштердин түрлөрүн жүргүзүүгө көмөк көрсөтүү.
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Кумтөр кен ишканасы
 
- Такшалманын графиги – 14/14
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 28–февралында 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.