ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛДӨӨ БӨЛҮМҮНӨ (ТКБ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 12 January 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 26.01.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Техникалык көзөмөлдөө бөлүмүнө (ТКБ) эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Түстүү металлдар металлургиясы», «Пайдалуу кен байлыктарды байытуу», «Химия жана химиялык технологиялар» багыттары боюнча жогорку билим;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, (MS Office) программаларын билүү;
- Демилгелүүлүк жана жаңы билимдерди өздөштүрүүгө умтулуу;
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
- Тыкандык, командада иштей билүү;
- Жакшы дене түзүлүш, дарыгерлердин көрсөтмөсү боюнча бийик тоолуу шарттарда иштөөгө жарамдуулук.
Милдеттер:
- Өндүрүш процессинин туруктуу жана үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу үчүн бөлүм башчысынын тапшырмаларын аткаруу;
- Долбоордук иштерге катышуу;
- Өндүрүштүк тапшырмаларды өз убагында, толук жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу;
- Коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо;
- Иш ордундагы кооптуу материалдар тууралуу маалымат системасын (W.H.M.I.S) билүү;
- Фабриканын жана лабораториянын технологиялык процесстеринде колдонулуучу бардык кооптуу материалдарды жана реагенттерди билүү жана алар менен коопсуз иштөө боюнча бардык нускамалардын аткарылышын көзөмөлдөө;
- КГКнын нормаларын жана жоболорун сактоо.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалманын өтүү жери – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2026-жылдын 26-январь айында саат 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.