ЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН

Жарыяланган: 20 April 2022

Жабык

“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу 3 жана 4 курстардын студенттери арасында Алтын ылгоо фабрикасынын пробирдик-аналитикалык лабораториясында (АЫФ ПАЛ) 2022-жылы жайкы практика өтүү үчүн тандоо жарыялайт.

Талаптар:

  • Кыргыз Республикасындагы ЖОЖдун “Химия” же “Химиялык технологиялар(инженериялар)” багыты боюнча 3 же 4-курсунун студенттери (5 жылдык окуунун 4-курстары) каралат;
  • Лабораториялык жабдууларды билүү (спектрометрлер, титраторлор)
  • Тилдерди билүү артыкчылыкка ээ болот;
  • Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
  • Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
  • Компьютерде жана MS Office программалында иштей билүү;
  • Тыкан болуу, команда менен иштей билүү;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
  • Аллергиялык оорулар жок болуу;

Милдеттер:

  • Тике жетекчинин тапшырмаларын жана буйруктарын аткаруу;
  • ПАЛ ишмердигинин процесстерин изилдөө;
  • Пробирдик-аналитикалык лабораторияга келген геологиляык жана технологиялык пробаларды каттоо, сорттоо, ситолук анализге, плавкага даярдоо;
  • Жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин сактоо;

Практика шарттары:

  • Акы төлөнүүчү тажрыйба
  • Практика мөөнөтү – 3 ай
  • Практика өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

  • 2022-жыл 9-май саат 17.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН Следующая публикацияЖАЙКЫ ПРАКТИКА ПРОГРАММАСЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОЖ СТУДЕНТТЕРИ ҮЧҮН
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.