СТРАТЕГИЯЛЫК ӨНҮКТҮРҮҮ ЖАНА ОПЕРАЦИОНДУК МОНИТОРИНГ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  25 November 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 09.12.2024, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Стратегиялык өнүктүрүү жана операциондук мониторинг бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. 
Талаптар:
- Жогорку тоо-кен жана техникалык билим (2019-жылдан 2024-жылга чейинки ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
 
- Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
 
- Натыйжалуулук жана тартип;
 
- Компьютерди ишенимдүү колдоно билүү, MS Office (Power Point Excel, Word) программасын билүү;
 
- Тактык, командада иштей билүү;
 
- Орус тилин жакшы билүү, англис тилин билүү артыкчылык болот.
 
Милдеттери:
- Тобокелдиктерди башкаруу боюнча иш-чараларды жана иш-аракеттерди иштеп чыгуу үчүн материалдарды чогултуу жана даярдоо;
 
- Тобокелдиктердин реестрин жана жакшыртуу долбоорлорунун реестрин түзүү жана мониторинг жүргүзүү;
 
- Тобокелдиктерди аныктоо жана үзгүлтүксүз жакшыртуу демилгелерин ишке ашыруу боюнча бөлүмдөрдүн жетекчилери менен иштөө;
 
- Жакшыртуу долбоорлорунун ишке ашырылуусуна көзөмөл жүргүзүү;
 
- Тиешелүү отчеттуулукту жүргүзүүгө көмөктөшүү;
 
- Түздөн-түз жетекчисинин буйруктарын жана көрсөтмөлөрүн аткаруу;
 
- Коопсуздук эрежелерин жана компаниянын саясатын сактоо.
 
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
 
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
 
- Такшалма графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн:    
- 2024-жылдын 09-декабры, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.