«Кумтор Голд Компани» ЖАК төмөнкү бош ваканттык ордун жарыялайт техникалык көзөмөл боюнча Инженер (Кумтөр кени)

«Кумтор Голд Компани» ЖАК төмөнкү бош ваканттык ордун жарыялайт техникалык көзөмөл боюнча Инженер (Кумтөр кени)

Жарыяланган: 21 June 2023

Билдирүү номери: KGC-23-090

ИШ-МИЛДЕТТЕРИ:

  • Компаниянын объекттеринде курулуш-монтаждоо иштеринин аткарылышына техникалык көзөмөл жүргүзүү; 
  • Курулуш багытында мыйзамдык жана нормативдик документтерди, техникалык ченемдик-укуктук актыларды, долбоордук-сметалык документтерди, объекттеги курулушту уюштуруу жана жумуштарды аткаруу боюнча документтерди, сапатты контролдоо методдорун, курулуш-монтаждоо иштерин кабыл алуу жана күбөлөндүрүү эрежелерин, ошондой эле курулуштагы эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерин билүү.
  • Курулуш-монтаждоо иштеринин сапатынын, ошондой эле колдонулуучу материалдардын, буюмдардын, конструкциялардын бекитилген долбоордук-сметалык документтерге, жумушчу чиймелерге, курулуш ченемдерине жана эрежелерине, стандарттарга, техникалык шарттарга, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын ченемдерине, өрт коопсуздугунун талаптарына ылайыктуулугун контролдоону жүргүзүү;
  • Объекттин курулушуна бекитилген сметанын чегинде подряддык уюм тарабынан аткарылган курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн өз убагында текшерүү, эсепке алуу жана аларды кабыл алуу.
  • Белгиленген форма боюнча актыларды тариздөө менен жашыруун иштерди күбөлөндүрүүгө жана жооптуу конструкцияларды орто аралык кабыл алууга катышууга.
  • Подряддык уюм тарабынан орнотулган жабдууларды жана инженердик тармактарды жеке сыноодон өткөрүүсүн жана тесттин жыйынтыктарынын туура таризделишин көзөмөлдөө. Сыноолордон кийин жабдууларды кабыл алууга катышуу.
  • Подряддык уюмдан төмөнкү документтерди алууга: иштердин жалпы журналы, атайын иштердин жана автордук көзөмөлдүн журналдары; материалдарды, буюмдарды, конструкцияларды, инженердик системаларды жана жабдууларды сыноо актылары (протоколдору); сапат жөнүндө документтер (материалдарга, буюмдарга, конструкцияларга жана жабдууларга паспорттор жана сертификаттар); аткаруучу геодезиялык схемалар ж. б.
  • Долбоордук-сметалык документтерди ишке ашыруу мүмкүндүгү, сапатын контролдоо жана ченемдик документтерге шайкештиги боюнча кемчиликтерди жана так эместиктерди аныктоо үчүн контроль жүргүзүү.
  • Курулуш объектисин пайдаланууга берүү үчүн аткаруу документтерин комплекттөөнү жүргүзүү. Объектти пайдаланууга кабыл алууга катышуу.
  • Табылган кемчиликтерди жана дал келбестиктерди жоюуга жазма буйруктарды өз убагында берүү, алардын аткарылышын контролдоо.

 МИНИМАЛДЫК ТАЛАПТАР:

  • Өнөр жай жана жарандык инженерия багыты боюнча жогорку билим;
  • Курулушту көзөмөлдөө боюнча инженер же башка инженердик-техникалык жумуштарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • «Инженердик кызмат көрсөтүү боюнча адис» квалификациялык сертификаты;
  • В категориядагы айдоочулук күбөлүктүн болушу;
  • AutoCAD, MS Office программаларынын ишенимдүү колдонуучусу, ПК «РИК» жана англис тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Курулуш объектилерин текшерүү тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат.

Анкета жана резюме  2023-жылдын 04-июлуна чейин, саат 16:00-дөн кечиктирбестен HR@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек.

Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf)

ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА KGC-23-090 БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.