КООПСУЗДУК БОЮНЧА АДИС («ТОГОЛОК» КЕНИ)
Жарыяланган: 05 August 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 19.08.2025, 16:00го чейин.
КОМПАНИЯ: “Кумтор Оперейтинг Компани”
КЫЗМАТЫ: Коопсуздук боюнча адис
БӨЛҮМҮ: Коопсуздук кызматы
ИШ ОРДУ: «Тоголок» кени
МАКАМЫ: Штаттык кызматкер
ӨТҮНМӨНҮН НОМЕРИ: KOC–25–022
ИШ ГРАФИГИ: 14/14 (11 саат)
Кызматтык милдеттери:
- Компаниянын кызматкерлеринин коопсуздугун, мүлкүн жана кайтарылуучу объектилерин коргоо үчүн көзөмөл-өткөрүү режимин сактоону камсыздоо;
- Компаниянын объектилерин уурулуктан, уурдоодон жана башка кылмыштуу кол салуулардан, вандализм актыларынан ишенимдүү коргоону камсыз кылуу боюнча сунуштарды киргизүүгө көмөктөшүү жана жетекчилик менен бирге тийиштүү чараларды көрүү; жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин азайтуу, жаңжалдуу кырдаалдарды жөнгө салуу, күч колдонуу менен кийлигишүү жана Компаниянын мүлкүн басып алуу аракеттерине бөгөт коюу;
- Коопсуздук техникасын сөзсүз сактоо. Кайтарылып жаткан аймакта Компаниянын стандарттарына жооп бербеген иш-аракеттерди жана шарттарды аныктоо менен жаракат алуулардын нөлдүк көрсөткүчүн камсыз кылууга салым кошуу;
- Бардык окуялар, кырсыктар жана башка штаттан тышкаркы кырдаалдар жөнүндө Коопсуздук кызматынын жетекчилигине өз убагында маалымдоо жана аларды коопсуздук техникасы боюнча чогулуштарда талкуулоо;
- Коопсуздук кызматынын жетекчилигинин жана Компаниянын жетекчилигинин Коопсуздук кызматынын ишине тиешелүү башка оозеки жана жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткаруу;
- Жамаатта моралдык-психологиялык абалды колдоо, зарыл болгон учурда аны жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- Компаниянын ченемдерин жана эрежелерин сактоо;
- Кесиптик деңгээлин жогорулатуу, дене түзүлүшүнө көз салуу жана жыл сайын аскердик жана дене тарбия даярдыгы боюнча сынакты толук тапшыруу аркылуу Коопсуздук кызматынын кызматкерлери үчүн белгиленген физикалык нормативдерге ылайык болууга умтулуу.
Минималдуу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык органдарында же атайын кызматтарында кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы;
- Билими:
- Кыргыз Республикасынын күзөт ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдык жана башка ченемдик-укуктук актылары;
- Коопсуздук кызматынын ишине тиешелүү уюштуруу-тескөөчү документтер жана методикалык материалдар;
- Кыргыз Республикасынын кылмыш, кылмыш-процессуалдык, административдик, жарандык мыйзамдарынын негиздери;
- Компаниянын жоболору, нускамалары, локалдык ченемдик-укуктук актылары;
- Компаниянын объектилерин коргоонун уюштуруу системасынын принциптери;
- Өнөр жай коопсуздугу жана эмгекти коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары;
- Өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү планы жана өрт чыккан жана кызматкерлерди эвакуациялоо учурунда Коопсуздук кызматынын нөөмөттөгү кызматкерлеринин аракеттери жөнүндө нускама;
- Күзөт системасынын заманбап техникалык каражаттарын (сигнализация, байланыш, видеокөзөмөл ж.б.) жана объектилерди жана маалыматты уруксатсыз кирүүдөн коргоочу техникалык каражаттарды колдонуу;
- Объектинин коопсуздук системасын камсыздоо жана кайтарылып жаткан объектилерди укукка каршы/кылмыштуу кол салуулардан коргоо үчүн көзөмөл иш-чараларын жүргүзүү ыкмалары;
MS Office программаларын ишенимдүү колдонуу.
Кызыккан талапкерлер ӨТҮНМӨНҮН НОМЕРИН көрсөтүү менен анкета/резюмелерин КОКтун Персоналды башкаруу бөлүмүнө 2025-жылдын 19-августуна чейин тапшыруу зарыл.
Анкета жана резюмени hr.koc@kumtor.kg электрондук дарегине да 2025-жылдын 19-августу, саат 16:00гө чейин жөнөтсөңүз болот.
Анкетаны бул жерден аласыз: https://www.kumtor.kg/wp–content/uploads/2021/06/anketa–kandidata–na–rabotu_may-2021.pdf
МАЕКТЕШҮҮГӨ ТАЛАПТАРГА ЖООП БЕРГЕН ЫЛАЙЫКТУУ ГАНА ТАЛАПКЕРЛЕР ЧАКЫРЫЛАТ.