ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫ (ТТБ) БӨЛҮМҮНӨ КОНСУЛЬТАНТТЫН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮСҮ ҮЧҮН АДИС (КУМТӨР КЕНИ)

ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫ (ТТБ) БӨЛҮМҮНӨ КОНСУЛЬТАНТТЫН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮСҮ ҮЧҮН АДИС (КУМТӨР КЕНИ)

Жарыяланган: 27 June 2025

ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 30-июну, саат 17:00 чейин.

“Кумтор Голд Компани” ЖАК Кумтөр кен ишканасында Техникалык Тейлөө Башкармалыгы (ТТБ) бөлүмүнө консультанттын кызмат көрсөтүүсүнө рынокту талдоо үчүн конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт. 

Сунушту consultant@kumtor.kg электрондук почтага жөнөтүү керек.

Кызмат орунунун аталышы: ТТБ бөлүмүнө консультанттын кызмат көрсөтүүсү үчүн адис (Кумтөр кени).

МИЛДЕТТЕРИ:

ТАЛАПТАР:

  • Иштин көлөмү иш берүүчү тарабынан демейдеги күнүмдүк жумуштарды, ошондой эле атайын тапшырмаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу түрүндө аныкталат.

Аткаруучуга коюлуучу квалификациялык талаптар:

  1. Тилдери билүү: кыргыз жана орус тилдери.
  2. Тийиштүү профил боюнча жогорку же кесиптик орто техникалык билими бар, адистештирилген окутуу борборлорунда иштөөнүн коопсуз ыкмалары боюнча тиешелүү даярдыктан өткөн жана профилдик боюнча 20 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, анын ичинде КГКда 15 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар адам консультант боло алат. CAT, Sandvik, Hitachi, Liebherr тоо-кен жабдуулары менен узак мөөнөттүү тажрыйбага ээ.

Консультант төмөнкүлөрдү билиши керек:

  • Эмгекти коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболору;
  • Оор техниканы тейлөө башкармалыгынын, жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу транспортун тейлөө башкармалыгынын ишине тиешелүү уюштуруу жана башкаруу документтери жана методдук материалдар;
  • Тоо-кен жабдууларын (оор машина техникасын), жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортту, жеңил автомобилдерди жана чакан техниканы тейлөө жана оңдоо боюнча методдик, нормативдик жана башка жетекчилик материалдар;
  • Өндүрүштүк процесстерди жана оңдоо иштеринин технологиясын уюштуруу;
  • Ремонт иштерин пландаштыруу жана аткаруу тартиби жана ыкмалары;
  • Жабдууларды оңдоо иштеринде колдонулуучу жабдуулардын, түзүлүштөрдүн жана шаймандардын түрлөрү, техникалык мүнөздөмөсү жана иштөө эрежелери;
  • Оор техниканын, жеңил автомобилдердин жана жүк-жүргүнчү транспортунун, чакан техниканын техникалык мүнөздөмөлөрү, конструкциялык өзгөчөлүктөрү, максаты жана иштөө режими;
  • Стандарттардын, технологиялык көрсөтмөлөрдүн жана ченемдик-техникалык документтердин талаптары;
  • Тоо-кен жабдууларын (оор машина техникасын), жүргүнчүлөрдү жана жүк транспортун, чакан жабдууларды эксплуатациялоо жана тейлөө боюнча экологиялык жана техникалык коопсуздук чөйрөсүндө көзөмөл жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын талаптары;
  • Оор техниканы, жүргүнчүлөрдү жана жүк ташууну, чакан техниканы тейлөө жана оңдоо тармагында алдыңкы ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйба;

Шарттары:

  • Кумтөр кени
  • Иш графиги: 14/14 (11 саат)
  • Кызматтын баасы аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча.

Аткаруу документтерин берүү талабы

  • Паспорт;
  • Соттолбогондугу жөнүндө күбөлүк;
  • Жеке ишкердин патентинин же күбөлүгүнүн болушу керек; (же жеке ишкананы ачуу мүмкүнчүлүгү)
  • Банк реквизиттери;
  • Резюме;

Конкурска катышуу үчүн №1, №2, №3 жана 4 тиркемелерди толтуруу зарыл.

 

Документтерди көчүрүп алыңыз:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

ОБЩИЕ УСЛОВИЯ

Приложение №1

Приложение №2

Приложение №3

Приложение №4