Жарыяланган: 26 May 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 3-июну, саат 10:00 (Бишкек убактысы боюнча).
| ЖАРЫЯ | ||
| «Кумтөр Голд Компани» ЖАК сатып алуунун предмети «аудит жана кирүү мүмкүнчүлүгүн көзөмөлдөө программалык продуктусу (DCAP)» боюнча потенциалдуу жеткирүүчүлөрдүн реестрине киргизилген катышуучулардын арасында кийинки этабы чектелген катышуу менен өткөрүлүүчү конкурс болуп саналган алдын ала квалификациялык тандоо жарыялайт. | ||
| Документтерди тапшыруу форматы
|
Катышууга табыштама жана бардык коштоочу документтер төмөнкүдөй болушу керек:
· табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу; · уюмдун мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү; · PDF форматында берилүүсү. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталат. |
|
| АЛДЫН АЛА КВАЛИФИКАЦИЯ | ||
| Алдын ала квалификацияга документтерди тапшыруу тартиби
|
1.1. Алдын ала квалификацияга документтерди тапшыруу тартиби.
· Табыштаманын жарактуулук мөөнөтү — кеминде 60 календардык күн. · Тапшыруу тили — орус тили. 1.2. Тактоо боюнча суроолор Суроолор төмөнкү дарекке жөнөтүлөт Aibek.Berdigulov@kumtor.kg 1.3. Табыштамаларды тапшыруу мөөнөтү жана дареги Табыштама электрондук түрдө төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: DCAP-2026@kumtor.kg |
|
| Электрондук файлдарга талаптар
|
Каттын максималдуу көлөмү: 25 МБга чейин.
Ашып кеткен учурда — бөлүктөргө бөлүп, төмөнкүдөй көрсөтүү керек: «Квалификациялык жана техникалык сунуштар (катышуучунун аталышы) — 1-бөлүк», «… — 2-бөлүк» ж.б. Булуттагы шилтемелер аркылуу документтерди тапшырууга тыюу салынат. |
|
| Алдын ала квалификация үчүн талап кылынуучу документтер
|
Каттын темасы: «Квалификациялык документтер»
Топтомго төмөнкүлөр кирет: 1. Катышууга кызыкдар экендиги жөнүндө кат. 2. Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү. 3. Устав (негизги ишмердүүлүк түрү жөнүндө бөлүм) жана жетекчини дайындоо жөнүндө чечим. 4. 2023–2025-жж. үчүн финансылык отчеттуулук. 5. Салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын жоктугу жөнүндө маалымкат. 6. Авторизациялык кат / MAF – manufacturer authorization form. |
|
| Алдын ала квалификациялык тандоонун критерийлери
|
Төмөнкү сунуш тандоодон өткөн деп таанылат:
– Квалификациялык талаптарга жооп берет; – Документтердин толук пакетин камтыйт; – Авторизациялык каттын / MAF – manufacturer authorization form милдеттүү түрдө болушу; Баалоонун жыйынтыгы боюнча катышуучуну чектелген тандоого катышууга чакырыла турган потенциалдуу катышуучулардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынат. Алдын ала квалификациядан ийгиликтүү өткөн катышуучуларга жумуштарды аткаруу үчүн кеңири техникалык тапшырма жөнөтүлөт. |
|
| ЧЕКТЕЛГЕН ЫКМА (2-этап — алдын ала квалификациядан өткөндөр үчүн гана) | ||
| Конкурстук сунуштарды тапшыруу тартиби
|
Табыштамага талаптар
Табыштама кокурстук табыштамага кепилдик камсыздоо менен (декларация түрүндө) берилет. Табыштаманын жарактуулук мөөнөтү — кеминде 60 календардык күн. Тапшыруу тили — орус тили. Тактоо суроо-талаптары Суроо-талаптар төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: Aibek.Berdigulov@kumtor.kg |
|
| Финансылык сунуш (баа пакети)
|
Каттын темасы: «Финансалык сунуш»
– Каттын мазмуну сырсөз менен шифрленүүгө тийиш. – Сырсөз катышуучуга жөнөтүлгөн суроо-талаптан кийин гана сатып алуучу уюмдун жооптуу кызматкерине телефон аркылуу берилет. Финансылык пакеттин курамы (баалык сунуш) Катышуучу төмөнкү документтерди берет: – Компаниянын расмий бланкында баалык (коммерциялык) сунуш; – Баалык (коммерциялык) сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн; – Иштерди аткаруу мөөнөттөрү; – Төлөм шарттары. Баага төмөнкүлөр кирүүгө тийиш: • бардык салыктар, жыйымдар жана алымдар; • КР мыйзамдарына ылайык милдеттүү төлөмдөр; • тейлөөнүн жана коштоочу кызматтардын наркы, келишимди аткарууга байланышкан бардык чыгымдар. |
|
| Баалоо критерийлери
|
Чектелген тандоонун жеңүүчүсү болуп төмөнкү сунуш таанылат:
• техникалык тапшырманын бардык талаптарына жооп берген; • эң төмөн баалык сунушту берген; • түзүмгө, мөөнөттөргө жана тапшыруу форматына коюлган талаптарды бузбаган. Техникалык тапшырмага туура келбеген сунуштар четке кагылат. |
|
| Кошумча шарттар
|
Буйрутмачы каалаган сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле сынакты каалаган баскычта катышуучулар алдында милдеттенмесиз жокко чыгарууга укуктуу.
Мөөнөтү өткөндөн кийин берилген конкурстук сунуштар кабыл алынбайт. Сунуш берүү менен катышуучу жол-жобонун бардык шарттарына автоматтык түрдө макул болот. Ар бир катышуучу бир гана конкурстук табыштама берүүгө укуктуу. Конкурстук сунуштарга алардын жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт. Конкурс боюнча суроолор төмөнкү дарекке жөнөтүлөт: Aibek.Berdigulov@kumtor.kg Суроолор сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө чейин 3 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынат. |
|