ООР ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ПЛАНДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ООР ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ПЛАНДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 18 July 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 31.07.2025, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү арасында Оор техникалык тейлөө башкармалыгынын пландоо бөлүмүндө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо өткөрөт.

Талаптар:

  • “Инженер-механик” багыт боюнча жогорку техникалык билим;
  • Техникалык тейлөө жана оңдоонун негиздерин билүү;
  • Түйүндөрдүн жана агрегаттардын иштөө принциптерин түшүнүү;
  • Техникалык документтер жана нормативдик материалдар менен иштөө жөндөмдөрү;
  • “Microsoft Office” программаларын жогорку дэңгээлде колдонууну билүү, башка эсеп системаларын билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Кыргыз жана орус тилдерин мыкты билүү;
  • Англис тилин билүү артыкчылык болуп эсептелет;
  • Медициналык жактан бийик-тоолуу кен-жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу.

Милдеттер:

  1. Автотранспорт каражаттарынын жана жабдуулардын түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын эсебин жүргүзүү:
  • Жабдуулардын техникалык абалы жөнүндө маалыматты чогултуу жана системалаштыруу;
  • Агрегаттар, түйүндөр жана техниканын жүрүшү боюнча маалымат базасын жаңыртуу;
  • Алмаштыруу жана бездери ремонттоо боюнча отчетторду даярдоо.
  1. Техникалык тейлөөнү пландаштырууга катышуу:
  • Ошол графиктерди түзүү жана актуалдаштыруу;
  • Пландуу тейлөөлөрдүн мөөнөттөрүн контролдоо;
  • Техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине табыштамаларды даярдоо.
  1. Техникалык документтер менен иштөө:
  • Актыларды, билдирмелерди, наряддарды тариздөө жана архивдештирүү;
  • Тейлөө кызматтары үчүн коштомо документтерди даярдоо;
  • Каттоо журналдарын жана техникалык паспортторду жүргүзүү.
  1. Окутуу жана өнүктүрүү:
  • КТЖнын ченемдик документтерин жана стандарттарын изилдөө;
  • Ишкананын ички эрежелери жана жол-жоболору менен таанышуу;
  • Устаттын жетекчилиги астында практикалык көндүмдөрдү алуу.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени
  • Жумуш графиги -14/14

Тандоого катышуу үчүн:

2025-жыл 31-июль саат 16.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркеп жиберүү керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.