ТЕХНИКАЛЫК КОНТРОЛДОО БӨЛҮМҮНӨ (ТКБ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ТЕХНИКАЛЫК КОНТРОЛДОО БӨЛҮМҮНӨ (ТКБ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 10 July 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 24.07.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Техникалык контролдоо бөлүмүнө (ТКБ) эки жылдык такшалма өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Билим, квалификациясы: Түстүү металлургия же пайдалуу кендерди байытуу, химия жана химиялык технологиялар багытында жогорку билим.
  • Билимдер жана жөндөмдөр: Приоритеттерди туура коюу жөндөмү, командада иштөө жөндөмү, маселелерди натыйжалуу чечүү, стресске туруктуулук жана бир нече тапшырманы бир убакта аткара билүү.
  • Жеке сапаттар: Жоопкерчилик, тактык, тартиптүүлүк.
  • Кошумча жөндөмдөр (тил билүү, компьютердик программалар ж.б.): MS Office программаларын билүү, тил билүү артыкчылык болуп эсептелет.
  • Жакшы физикалык формада болуу, медициналык жактан тоо-кен аймагында иштөөгө жарактуу болуу.

Милдеттер:

  • Өндүрүш процессинин туруктуу жана үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыз кылуу үчүн бөлүм башчысынын тапшырмаларын аткаруу;
  • Долбоорлорго жана изилдөө иштерине катышуу;
  • Өндүрүштүк тапшырмаларды өз убагында, толук жана сапаттуу аткарууну камсыз кылуу;
  • Эмгек коопсуздугунун жалпы эрежелерин сактоо;
  • Иштөө ордунда колдонулган материалдардын коркунучтары тууралуу маалыматтык системаны (W.H.M.I.S) билүү;
  • Фабрика жана лабораторияда колдонулган бардык материалдар жана реагенттердин коркунучтарын билүү жана алар менен коопсуз иштөө боюнча бардык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын көзөмөлдөө;
  • КГКнын нормаларын жана саясаттарын сактоо.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Кумтөр кен ишканасы
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 24июлда 16.00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.