АЫФтын КАЛДЫКТАРДЫ САКТОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 28 July 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.08.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын АЫФтын Калдыктарды сактоо бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Жогорку техникалык билими тууралуу диплом («Гидротехникалык курулуш» багыттын «Гидротехника» адистиги боюнча);
- Ар кандай объектилерде жана ишканаларда өз адистиги боюнча иш тажрыйбасы бар болуу же такшалмадан өткөндүгү артыкчылык болот;
- Жоопкерчилик, командада иштей билүү, тактык жана тыкандык, демилгелүүлүк, кесиптик өнүгүүгө умтулуу;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу;
- Кыргыз, орус тилдерин билүү;
- Англис тилин билүү (милдеттүү эмес, бирок артыкчылык).
Милдеттер:
- Калдык сактоочу жайлардагы курулуш-монтаждоо, оңдоо жана эксплуатациялык жумуштарды аткарууга катышуу;
- Гидротехникалык курулмалардын абалын көзөмөлдөө жана мониторинг жүргүзүү каражаттары менен таанышуу;
- Калдыктарды сактоочу жайда колдонулуучу приборлордун жана куралдардын иштөө ыкмаларын жана эрежелерин үйрөнүү;
- Өндүрүштүк ишмердүүлүктө колдонулган эсептөө жана байланыш каражаттарын өздөштүрүү;
- Эмгекти коргоо жана коопсуздук эрежелерин, ЖККны колдонуу боюнча талаптарды, өндүрүштүк нускамаларды, КГКнын жоболорун, буйруктарды жана башка ченемдик документтерди сактоо.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2025-жылдын 11-августунда 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.