БОШ КЫЗМАТ ОРДУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛОО МТ техникалык коштоо жана коммуникациялар бөлүмүнүн адиси (Кумтөр кен ишканасы)

БОШ КЫЗМАТ ОРДУ ЖӨНҮНДӨ ЖАРЫЯЛОО МТ техникалык коштоо жана коммуникациялар бөлүмүнүн адиси (Кумтөр кен ишканасы)

Жарыяланган: 20 July 2023

КЫЗМАТ ОРДУ: МТ техникалык коштоо жана коммуникациялар бөлүмүнүн адиси (Кумтөр кен ишканасы)

БӨЛҮМ: Маалымат технологиялары

ИШТЕГЕН ЖЕРИ: Кумтөр кен ишканасы

ИШ ТАРТИБИ: 14/14

БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ: KGC – 23–118

КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 

  • Тармак түзүлүштөрүн жайгаштыруу, конфигурациялоо жана иштетүү (модемдер, коммутаторлор, роутерлер, файерволдор, VPN, радиорепиторлор);
  • Зымдуу жана зымсыз тармактардагы үзгүлтүктөрдү азайтуу, алардын жеткиликтүүлүгүн жана камтуу аймактарын жакшыртуу;
  • Көчмө жана стационардык радиостанцияларды тейлөө;
  • Радиорепитерлерди тейлөө;
  • IPTV аппараттарды тейлөө;
  • Байланыш каражаттарын жана IT жабдууларды инвентаризациялоо;
  • Байланыш үзүлгөндө тутумдардын иштешин калыбына келтирүү жумуштарына катышуу;
  • Кемчиликтерди өз убагында аныктоо максатында зымдуу жана зымсыз системалардын элементтерин текшерүү жана көзөмөлдөө;
  • Маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун эксплуатациялоо;
  • Колдонуучулардын өтүнмөлөрүн каттоо жана IT тутумундагы көйгөйлөрдү чечүү;
  • Телефон тутумун тейлөө (телефондорду орнотуу, IP телефония тутумундагы орнотууларды өзгөртүү);
  • КГКда IT активдерди каттоо жана эсепке алуу;
  • Телекоммуникация жана IT тутумдары боюнча колдонуучуларга кеңеш берүү;
  • КГКда IT билим базаларын түзүү.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:

  • Билими: маалыматтык технологиялар адистиги боюнча жогорку техникалык билим
  • Иш тажрыйбасы:
  • маалыматтык системалар жаатында 2 жылдан кем эмес (артыкчылыгы: тоо-кен компанияларында));
  • LAN жана WAN тармактарын түзүүдө;
  • ВОБЛ (Волокондук-оптикалык байланыш линиясы) тармактарын тейлөөдө;
  • зымсыз тармактарды орнотууда жана тейлөөдө;
  • IP телефон тармагын тейлөөдө.
  • Атайын көндүмдөр жана билимдер:
  • Муфталарда оптикалык булаларды жана ВОБЛдагы (Волокондук-оптикалык байланыш линиясындагы) оптикалык таратуу жабдууларын (ODF) ширетүү;
  • Жез жана ВОБЛ (Волокондук-оптикалык байланыш линия) тармактарында өлчөө шаймандарын колдонуу;
  • ISO/IEC 11801 тандартын билуу;
  • Жеңил автоунааны айдоо;
  • жогорку коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу.
  • Тилдерди билүү:
  • Орусча-эркин;
  • Кыргызча — кубатталат.

Анкета жана резюмени 2023-жыл 03-августу саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек. 

Анкетаны бул шилтеме боюнча алса болот (https://www.kumtor.kg/wp-content/uploads/2021/06/anketa-kandidata-na-rabotu_may-2021.pdf).

Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: KGC-23–118.

ЭСКЕРТҮҮ!  БИЛДИРҮҮНҮН НОМЕРИ КАТТАРДЫН ТЕМАСЫНДА КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.

МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.