МОНТАЖДОО БОЮНЧА АДИС (КУМТӨР КЕНИ)
Жарыяланган: 20 May 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 09.06.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жеке ишкерлерди (ЖИ) монтаждоо боюнча кызмат көрсөтүүгө чакырат.
КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ КЫЗМАТТАРДЫН СҮРӨТТӨЛҮШҮ:
- Монтаждоо иштери учурдагы сертификаттардын алкагында жүргүзүлөт. Түтүктөрдү ширетүү, насосторду орнотуу, металл конструкцияларды орнотуу.
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Кесиптик-техникалык же орто билим.
- Төмөнкү күбөлүктөрдүн болушу керек:
– Полиэтилен түтүктөрдү жана геомембрананы ширетүүчү-монтаждоочу
– Дизелдик электр генератордук орнотмолордун оператору
– Болот жана темир-бетон конструкцияларын орнотуу боюнча монтаждоочу
– Слесардык жабдуулар менен иштөө боюнча оператор
– Бийик тоолуу шарттарда тажрыйбага артыкчылык берилет.
– Кен ишканаларында жана карьерлерде саркынды сууларды чыгаруу боюнча иш тажрыйбага артыкчылык берилет.
- Жакшы физикалык ден соолук.
- Ак ниеттүүлүк, жооп кайтаруучулук, стресске туруктуу болушу.
ИШТӨӨ ШАРТТАРЫ:
- Жыл бою.
- 11 сааттык смена (күнүнө 7 смена / түнкүсүн 7 смена).
- Вахталык иштөө режими 14/14.
- Иштеген жери – Кумтөр кени.
Резюме 2025-жылдын 09-июнунда саат 16.00дөн кечиктирбестен электрондук почта installer2526@kumtor.kg аркылуу тапшырылышы керек.
ИНТЕРВЬЮГА ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУЛАРЫ ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА