Жарыяланган: 14 August 2025
«Кумтөр Оперейтинг Компани» жабык акционердик коому Тоголок кен жайы жана Жангарт аянтында иштеген геологдор үчүн тез жардам унаасын сатып алды.
Ишкананын медициналык кызматы 2024-жылдын июнунда түзүлгөн. Бир ай өткөн соң Тоголокто медициналык пункт уюштурулуп, реаниматолог-анестезиолог эки медкызматкер вахталуу ыкма менен иштөөгө алынган. Тоголоктун медициналык кызматынын алгачкы вахтасы 2024-жылдын 9-августунда башталган.
Компаниянын кызматкерлери жана Ак-Шыйрак кыштагынын стационардык дарыланууну талап кылган тургундары үчүн тез арада жеткирүү максатында жакында медициналык транспорт каражаты – тоолорго ынгайлуу болгон жол тандабас сатып алынды.
Бул унаа тез жардам унаасына ылайыкташтырылып, анын ичинде негизги медициналык жабдуулар орнотулган: кычкылтек системасы, кабыл алуу жабдуусу, каталка, сфигмоманометр.
Маалымат үчүн: Тоголок алтын кени 1978-жылы ачылган, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы бийик тоолуу аймакта жайгашкан. Тоголок кенине эң жакын конуш – деңиз деңгээлинен болжол менен 3200 метр бийиктиктеги Ак-Шыйрак кыштагы, кенден 35 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Бишкектен Тоголок кенине аралык 560 чакырымды түзөт. «Кумтөр Оперейтинг Компани» 2023-жылдын 8-августунда Тоголок алтын кенин ииштетүүгө жана Жангарт аянтын чалгындоого лицензиясын алган.