ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ ҮЧҮН ТАКШАЛМА  ПРОГРАММАСЫ
                Жарыяланган:  28 June 2021
                Жабык
«Кумтөр Голд Компани» ЖАКу конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн АЛТЫН ЫЛГОО ФАБРИКАСЫНЫН МЕТАЛЛУРГИЯЛЫК ЛАБОРАТОРИЯСЫНДА эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Түстүү металлдардын металлургиясы», «Пайдалуу кендерди байытуу», «Химия жана химиялык технологиялар» адистиктер боюнча жогорку билимге ээ болуу (окуу жайды 2015-2021-жылы бүтүрүү);
 
- Компьютер жана MS Office программаларында иштей билүү;
 
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
 
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
 
- Тыкандык, команда менен иштей алуу;
 
- Медициналык жактан бийик-тоолуу кен жайда ишке жарамдуу болуп саналган чыӊ ден-соолукта болуу;
 
Милдеттер:
- Туруктуу үзгүлтүксүз ɵндүрүштүк процессти камсыз кылуу максатында бɵлүм башчынын тапшырмаларын аткаруу.
 
- Долбоордук иштерге катышуу.
 
Жумуш шарттары:
- Акы тɵлɵнүүчү такшалма
 
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
 
- Такшалма ɵтүү жайы – Кумтɵр кени
 
- Такшалма графиги – 14/14
 
Конкурска катышуу үчүн:
- Анкетаны толтуруу жана бардык керектүү документтерди тиркɵɵ керек. Анкетаны бул жерден алсаңыз болот.
 
- Толтурулган анкетаны жана бардык керектүү документтерди 2021-жылдын 7-июль күнү саат 17:00 чейин Kumtor.Internship@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүӊүз.
 
- Каттын темасына сөзсүз түрдө «Такшалма программасы» деп кɵрсɵтүү керек.
 
Маектешүүгө жана сынакка эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.