ПРЕЗИДЕНТ: АКЫРКЫ 5 ЖЫЛДА КУМТӨРДӨН 440 МЛРД СОМДОН АШЫК КИРЕШЕ ТҮШТҮ (ВИДЕО)

ПРЕЗИДЕНТ: АКЫРКЫ 5 ЖЫЛДА КУМТӨРДӨН 440 МЛРД СОМДОН АШЫК КИРЕШЕ ТҮШТҮ (ВИДЕО)

Жарыяланган: 27 February 2026

2021-2025-жылдары Кумтөрдүн жалпы кирешеси 5 млрд 115 млн долларды же 440 млрд сомдон ашык каражатты түздү. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров бүгүн “Ынтымак Ордодо” өткөн Республикалык Кеңешмеде билдирди:

Бюджетке салыктар жана милдеттүү төлөмдөр түрүндө 1 млрд 176 млн доллар же 100 млрд сомдон ашык акча каражаты түшкөн.

Дивиденд түрүндө 1994-жылдан бери Кумтөрдөн болгону 100 млн доллар которулса, акыркы 4 жылда 441 млн доллар же 38 млрд сомго жеткен.

Кумтөр Кыргызстандын туруктуу киреше булагы болуп, социалдык милдеттенмелерди жана инфратүзүмдүк долбоорлорду каржылоого кызмат кылууда.

Тарыхый мааниге ээ мындай чечим өлкөбүздүн экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөнүн олуттуу этабына айланды.