ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

ПЕРСОНАЛДЫ БАШКАРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 27 May 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 09.06.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн Персоналды башкаруу бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Экономика, юриспруденция, табигый-техникалык багыты боюнча жогорку билими тууралуу диплом;
  • Заманбап программалык-техникалык жана офистик жабдууларды мыкты колдоно билүү;
  • Мыкты коммуникация көндүмдөрү;
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө болгон каалоо;
  • Аткаруучулук жана тартиптүүлүк.

Милдеттери:

  • Кадрлар жана алардын кыймылы менен байланышкан документтерди жүргүзүүгө жана сактоого көмөктөшүү;
  • Иш кагаздарын жана архив иштерин жүргүзүүгө жардам берүү;
  • Ишке орноштуруу боюнча кат алышууну жүргүзүү;
  • Өзүнүн жетекчисинин буйруктарын аткаруу;
  • Ички эмгек тартибинин (компаниянын саясатын) эрежелерин сактоо;
  • Жетекчинин кызмат ордуна тиешелүү буйруктарын жана тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
  • Купуя маалыматты жайылтпоо.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма.
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл.
  • Такшалманын орду – Кумтөр кени
  • Такшалманын графиги – 14/14

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык зарыл болгон документтерди 2025-жылдын 9-июнунда саат 16:00 кеч эмес шилтемени басуу менен тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.