ОКУТУУ ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  28 June 2024
                ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 05.07.2024, 16:00го чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК конкурстук негизде ЖОЖын бүтүрүүчүүлөрүн ОКУТУУ ЖАНА ПЕРСОНАЛДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасын ɵтүүгɵ чакырат.
Талаптар:
- «Юриспруденция», «Экономика», «Менеджмент», «Социология», «Маалымат технологиялары» адистиктери боюнча жогорку билимге ээ болуу;
 
- Компьютер жана MS Office, Google Docs, Zoom программаларында иштей билүү;
 
- Англис тилин жакшы билүү;
 
- Демилгелүүлүк жана жаӊы билимдерге умтулуу;
 
- Аткаргычтык жана тартиптүүлүк;
 
- Тыкандык, команда менен иштей алуу;
 
- Медициналык жактан чың ден-соолукта болуу. 
 
Милдеттер:
- Окуу арыздарын иштеп чыгуу жана окуу графигин түзүүгө жардам берүү;
 
- Ар кандай окутууларга кɵмɵктɵшүү;
 
- Окутуу маалымат базалары менен тапшырмаларды аткаруу;
 
- Документтер менен иштөөдө көмөк көрсөтүү;
 
- Окутууда техникалык, административдик жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүү.
 
Жумуш шарттары:
- Акы тɵлɵнүүчү такшалма
 
- Такшалма мɵɵнɵтү – эки жыл
 
- Такшалма ɵтүү жайы – Бишкек
 
- Такшалма графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн:
            2024-жылдын 5-июлундан саат 16.00 кечикпестен, шилтеме менен өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.