Расмий билдирүү
2012-жылдын 27-июну

Жарыяланган: 27 June 2012

Официальное заявление от 27 июня 2012 г.«Кумтөр Оперейтинг Компани» ЖАКы тарабынан жаратылыш ресурстарын рационалдуу пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, өндүрүштүк процесстердин коопсуздугу жана алтын өндүрүүчү кен ишкананын ишмердүүлүгү таасир эткен райондогу калкты социалдык коргоо боюнча нормалардын жана талаптардын сакталуусун текшерүү жана изилдөө боюнча 2012-жылдын 15-февралында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын отчету парламентте, массалык маалымат каражаттарында жана коомчулук арасында чоң резонанс жаратты.

Бул отчет «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» дарегине негизсиз айыптоолордун узун тизмесин камтыйт, тилекке каршы, алардын көпчүлүгү анык эмес фактыларга жана божомолдоолорго негизделген. Компания дайыма Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана өндүрүштө экологиялык жана өнөр жайлык коопсуздукту сактоонун, эмгекти жана ден соолукту коргоонун эл аралык стандарттарына толук ылайык иштеп келген жана иштеп жатат, бул Кыргызстандын контролдоочу органдары тарабынан да, ошондой эле эл аралык эксперттер тарабынан да системалуу текшерүүлөрдүн жүрүшүндө көп жолу далилденген.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги угуулардагы Убактылуу депутаттык комиссиянын негизделбеген корутундулары «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» жана «Центерра Голд Инк.» компаниясынын ишкер беделине зыян келтирди, ал «Центерранын» баалуу кагаздарынын Торонтодогу биржадагы наркынын кескин кулоосуна жана Кыргыз Республикасы ээлик кылган акциялар пакетинин наркынын 300 млн. АКШ долларынан ашуунга арзандоосуна алып келди.

2009-ж. «Центерра», «Кумтөр» жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Жаңы шарттар жөнүндө макулдашууга кол коюшкан. Бул макулдашуу бардык зарыл болгон ички мамлекеттик процедуралардан өткөн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши жана Конституциялык соту тарабынан жактырылган. Мына ошентип азыркы учурда ал аракетте жана колдонууга милдеттүү болуп саналат. Макулдашуу «Кумтөр» долбоорун коргоону камсыз кылуу боюнча кепилдиктерди камтыйт, аларды бузган учурда Кыргыз Республикасы эл аралык арбитраждык сотто жоопкерчилик тартмакчы.

«Кумтөр Оперейтинг Компани» жана «Центерра Голд Инк.» өздөрү тараптан Кыргыз Республикасынын жетекчи органдары менен конструктивдүү диалогду жүргүзүүгө дайыма даяр. Бирок мындай талкуулоолор Жаңы шарттар жөнүндө макулдашуунун алкактарында Кыргыз Республикасы өзүнө алган келишимдик милдеттенмелерди эске алууга тийиш.

Кошумча маалымат үчүн «Кумтөр Оперейтинг Компанинин» ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмүнө кайрылыңыздар

Предыдущая публикация«Кумтор Оперейтинг Компани» мекемеси жана Бир Айыл – Бир Продукт Ассоциациясы биргелешкен долбоордун башталышы жөнүндө билдирет Следующая публикацияАтың чыкпаса Кумтөргө бар
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.