МЕТАЛЛУРГДАР КҮНҮНӨ КАРАТА БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНЫШТЫ

МЕТАЛЛУРГДАР КҮНҮНӨ КАРАТА БАЛЫКЧЫ ӨТКӨӨЛ БАЗАНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНЫШТЫ

Жарыяланган: 22 July 2025

Кыргыз Республикасынын Металлургдар күнүнө карата “Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Балыкчы шаарында жайгашкан өткөөл базанын кызматкерлеринин эмгеги салтанаттуу белгиленди.

Иш-чаранын алкагында кызматкерлерди куттуктап, ишкананын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Канатбек Кадыров сөз сүйлөдү. Ал аталган база — Кумтөр кен жайындагы өндүрүш процесси үчүн өтө маанилүү бөлчөк экенин баса белгилеп, анын жамаатына ыраазычылыгын билдирди:

“Балыкчы өткөөл базанын кызматкерлери биздин жалпы ишибиздин негизги бөлүгү болуп саналат. Бардык жүктөр, мунай, жабдуулар, жана керектүү материалдар дал ушул жерден Кумтөр кен жайына жөнөтүлөт. Сиздердин так жана үзгүлтүксүз ишиңиздер болбосо, Кумтөрдүн өндүрүштүк процесси үзгүлтүккө учурамак. Сиздердин талыкпас эмгегиңиздердин аркасында компания олуттуу ийгиликтерге жетишүүдө. Биз сиздер менен сыймыктанабыз,” – деп белгиледи Канатбек Кадыров.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө бир катар мыкты кызматкерлерге ардак грамоталар, ыраазычылык каттар жана корпоративдик белектер ыйгарылды. Бул сыйлыктар – алардын жогорку кесипкөйлүгүнүн, ишке берилгендигинин жана жалпы жетишкендиктерге кошкон салымынын белгиси болуп калды.