МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ)

МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО (БИШКЕК Ш. КЕҢСЕ)

Жарыяланган: 27 June 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.07.2025, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында медициналык бөлүмгө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Медициналык билими, жалпы иш тажрыйбасы — 5 жылдан кем эмес.
  • Компьютерди жакшы билүү: MS Office, Google Docs, Zoom программаларын колдонуу жөндөмү.
  • Жеке сапаттар:
    • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө каалоо;
    • Тактык жана тартиптүүлүк;
    • Тыкандык жана команда менен иштөө жөндөмү.
  • Физикалык абал: ден соолугу жакшы, медициналык жактан иштөөгө жарамдуу болуу.

Милдеттер:

  • Ар кандай медициналык документтерди жүргүзүү.
  • Вахтага чейинки жана жылдык медициналык кароолор боюнча документтерди жүргүзүү.
  • КГК кызматкерлерине алгачкы, жылдык жана өзгөчө медициналык кароолордон өткөндөн кийин берилген медициналык сунуштарды аткарууну көзөмөлдөөдө жана жүргүзүүдө дарыгерлерге жардам көрсөтүү.
  • Убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын эсепке алуу жана көзөмөлдөө.
  • Рейске чейин медициналык кароолорду өткөрүү.
  • ЗАО «КГК» кызматкерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2025-жылдын 11-июлу, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.