МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 06 November 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 20.11.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКтын Медициналык бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Медико-профилактикалык иш» багыты боюнча медициналык билим;
- Компьютерди ишенимдүү колдонуу, Microsoft Office, Google Docs, Zoom программаларын билүү;
- Жеке сапаттар: демилгелүүлүк, тырышчаактык жана командада иштөөнү каалоо, тактык жана тартиптүүлүк;
- Медициналык көз караштан алганда бийик тоолуу шарттарда иштөөгө ден-соолугу ылайыктуу болуу;
- Тартиптүүлүк, командада иштей билүү.
Милдеттер:
- Өндүрүштүк санитария жана эмгек гигиенасы тармагында мамлекеттик көзөмөлдү жана санитардык байкоону жүргүзүү;
- Тамактануу жайларында жана жашоо үчүн арналган имараттарда санитардык-гигиеналык талаптардын сакталышын уюштуруу жана көзөмөлдөө;
- Эпидемиологиялык көзөмөлдү жүргүзүү жана жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштерди ишке ашыруу;
- Эпидемияга каршы иш-чараларды иштеп чыгуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө (анын ичинде эмдөө, дезинфекциялоо жана изоляциялоо иштери);
- Персоналдын саламаттыгын медициналык көзөмөлдөө иштерине катышуу;
- Санитардык-эпидемиологиялык ишмердүүлүк боюнча тиешелүү документтерди жүргүзүү жана отчеттуулукту камсыз кылуу.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Кумтөр кени
- Такшалманын графиги – 14/14
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 20-ноябрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.