МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 08 April 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 21.04.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАКнун Медициналык бөлүмүнө эки жылдык такшалма программасынан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • Медициналык билим;
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, Microsoft Office, Google Docs, Zoom программаларын билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
  • Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
  • Тактык жана командада иштей билүү;
  • Эмгек ишмердүүлүгүн аткарууга медициналык жактан жарамдуу болуп, жакшы физикалык формага ээ болуу.

Милдеттер:

  • Ар кандай медициналык документацияны жүргүзүү;
  • Вахтага чейинки жана жыл сайын өткөрүлүүчү медициналык кароолор боюнча документацияны жүргүзүү;
  • КГКнын кызматкерлерине баштапкы, жылдык жана кезексиз медициналык кароолордон өтүү учурунда алынган медициналык сунуштар боюнча документтерди жүргүзүү жана көзөмөлдөөдө дарыгерлерге жардам көрсөтүү;
  • Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча баракчаларды каттоо жана көзөмөлдөө;
  • Рейске чыгар алдындагы медициналык кароолорду жүргүзүү;
  • “КГК” ЖАКнун кызматкерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2026-жылдын 21-апрелинде 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.