Жарыяланган: 05 July 2025
“Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилиги медицина кызматкерлерин кесиптик майрамы – Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкеринин күнү менен куттуктайт!
“Урматтуу кесиптештер, Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Медицина кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!
Өмүр бир жолу берилерин баарыбыз билебиз! Андыктан ар бирибиз ден соолугубузга кам көрүшүбүз керек. “Кумтөр Голд Компанинин” кызматкерлери үчүн бул өзгөчө актуалдуу, анткени биз бийик тоолуу катаал шартта, организмге көбүрөөк күч келген кырдаалда иш алып барабыз.
“Кумтөр Голд Компанинин” кызматкерлеринин өмүрүн жана ден соолугун сактоодо биз Сиздерге толугу менен ишенебиз. Жыл сайын медициналык кароодон өтүүгө кызматкерлерди сиздер багыттайсыздар, алардын нөөмөткө чыгуу алдындагы жалпы абалын текшересиздер. Сиздердин мойнуңуздарда чоң жоопкерчилик жүктөлгөн жана ал милдетти Сиздер жогорку кесипкөйлүк менен ийгиликтүү аткарып келесиздер! Биздин ишкананын дарыгерлери жана медайымдары – өз ишинин профессионалдары. Биз сиздер менен ар дайым сыймыктанабыз!
Бул майрам күнү сиздерге узун өмүр, бакыт, молчулук жана жаңы кесиптик бийиктиктерди каалайбыз!”