МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  23 May 2024
                ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн материалдык-техникалык жабдуу бөлүмүнө (запастык бөлүктөр жана техникалык каражаттар тобу) тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- “Экономика”, “Логистика”, “Материалдык-Техникалык Жабдуу” багыттары боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2023-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
 
- MS Office, Outlook программмаларын колдоно билүү;
 
- Англис тилин Intermediate жана андан жогорку деңгээлде билүү милдеттүү шарт;
 
- Адистиги боюнча такшалмадан өткөн же тажрыйбасы бар болуусу артыкчылык болуп саналат;
 
- Стресске туруктуулук жана коммуникабелдүүлүк – чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөөгө жөндөмдүүлүк;
 
- Аналитикалык ой жүгүртүү жана байкоочулук;
 
Милдеттери:
- Сатып алуулар боюнча ички программага жардам берүү, жеткирүүчүлөр, сток позициялары, сатып алуу тапшырмалары боюнча маалыматтарды киргизүү;
 
- Инвентардык позициялардын болушун жана чыгымдалышын мониторингдөөгө көмөктөшүү, рыноко жана бааларга талдоо жүргүзүү;
 
- КГКнын сатып алуу жөнүндө Жобосуна жана КР мыйзамдарынын ченемдерине ылайык компанияны материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
 
- Сатуучулар жана акыркы колдонуучулар менен байланышта болуу;
 
- Берүүлөрдү жана эсептешүүлөрдү уюштурууга жана контролдоого жардам берүү;
 
- Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди даярдоого,макулдашууга жана түзүүгө көмөктөшүү.
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Бишкек ш. кеңсе
 
- Такшалманын графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык зарыл болгон документтерди 2024-жылдын 6 июнунда саат 16:00 кеч эмес шилтемени басуу менен тиркеңиз.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.