МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА ЛОГИСТИКА БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 03 November 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

Кумтор Голд Компани ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо жана логистика бөлүмүнө ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • “Логистика”, “Материалдык-техникалык камсыздоо”, “Экономика” багыттары боюнча жогорку билим (2022-жылдан 2019-жылга чейин ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практика өткөндүгү артыкчылык болот;
  • Microsoft Office менен жогорку денгээлде иштөө жана компьютердик чеберчилик.
  • Англис тилин билүү милдеттүү;
  • Өнүгүүнү каалоосу, жигердүү, энергиялуу, коммуникабелдүү, жоопкерчиликтүү;
  • Айлана-чөйрөнүн талаптарына ылайыкташа билүү, чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүү, чыгармачылык, максатка умтулуу, командада иштей билүү;
  • Стресске чыдамдуулук жана сылыктык;

Милдеттери:

  • Жөнөтүүчүлөр, Сток-позициялар, сатып алуу тапшырмалары боюнча маалыматтарды киргизүү боюнча сатып алуулар боюнча ички программа менен иштөөдө жардам көрсөтүү;
  • КГКнын Жоболорунун талаптарына жана мыйзам ченемдерине ылайык пайдалануучулардын билдирмелери боюнча товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн болушун камсыздоо;
  • Товарлардын болушуна жана чыгымдалышына мониторинг жүргүзүү, рынокту жана товарлардын баасын талдоо;
  • Акыркы сатуучулар жана акыркы колдонуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • Буйрутмаларды экспедициялоого көмөктөшүү, келишимдерди, сатып алуу буйруктарын даярдоо жана макулдашуу ж.б.;

Стажировканын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү стажировка
  • Стажировканын узактыгы – 2 жыл
  • Стажировка өтүү орду – Бишкек ш. кеңсе
  • Стажировканын графиги-5/2

Тандоого катышуу үчүн Сизге төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2023-жылдын 17 – ноябрдын саат 16:00дөн кечиктирбестен кийинки шилтеме аркылуу тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

Предыдущая публикацияНОРМАТИВДИК БАЗАНЫ САКТОО ЖАНА ДОЛБООРЛОРДУ ИШКЕ АШЫРУУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО Следующая публикацияЭМГЕКТИ ЖАНА ДЕН СООЛУКТУ КОРГОО, ЖАНА ӨНӨР ЖАЙ КООПСУЗДУГУ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
© 2011-2023 «Кумтөр Голд Компани». Материалдарды көчүрүп алуу администрациянын жазуу турүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.