МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 27 February 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 13.03.2026, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн ЖОЖнын бүтүрүүчүлөрү арасында тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.

Талаптар:

  • “Юриспруденция”, “Материалдык-техникалык камсыздоо” же “Экономика” багыттары боюнча жогорку билим;
  • Компьютердик сабаттуулук боюнча тажрыйбалуу колдонуучунун деңгээлине ээ болуу;
  • Бирдиктүү мамлекеттик иштерди жүргүзүү системасын билүү жана түшүнүү;
  • Жогорку аналитикалык жөндөмдөр;
  • Чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү;
  • Көп тапшырманы аткаруу абалында тез иштей билүү;
  • Баалардын түзүүлүшү боюнча негизги принциптерди түшүнүү;
  • Келишимдер менен иштөө тажрыйбасы (артыкчылык болуп эсептелет).

Милдеттер:

  • Архивге документтерди кабыл алуу жана тапшырууга көмөк көрсөтүү, аларды сактоо жана пайдалануу;
  • Келишимдердин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө көмөктөшүү;
  • Табыштамаларды даярдоого жана иштеп чыгууга, алардын аткарылышын мониторингдөөгө жана жаралган маселелерди чечүүгө көмөктөшүү;
  • Доо каттарды иштеп чыгууга, даярдоого жана жөнөтүүгө жардам көрсөтүү, жабдып туруучулар менен өз ара иш жургүзүү;
  • Жабдып туруучуларга болгон каржылык төлөмдөрдүн өз убагында жана так аткарылышын көзөмөлдөө, эсеп-фактураларды текшерүүгө көмөктөшүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 13мартында 16:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.