МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
                Жарыяланган:  02 February 2024
                ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнө (логистика тобу) эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Экономика», «Логистика», «Материалдык-техникалык камсыздоо» багыттары боюнча жогорку билим;
 
- MS Office (айрыкча Excel), Outlook менен иштей билүү;
 
- Англис тилин Upper Intermediate жана андан жогору деңгээлде билүү милдеттүү;
 
- Адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практика өткөндүгү артыкчылык болуп саналат;
 
- Стресске туруктуулук жана тил табыша билүү – чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү;
 
- Креативдүүлүк, максатка умтулуу, командада иштей билүү.
 
Милдеттер:
- Жүктөрдү ташууну уюштурууда көмөк көрсөтүү;
 
- Жүктөрдү жиберүү жана жеткирүүнүн өз убагында болуусун көзөмөлдөөгө жардам берүү;
 
- Жүктөрдүн кыймылы тууралуу чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштеп чыгууда жардам берүү;
 
- Презентацияларды түзүү.
 
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
 
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
 
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
 
- Такшалманын графиги – 5/2
 
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 16-февралында 16.00 дон кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
 
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.