МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР БӨЛҮМҮНҮН ТЕХНИКАЛЫК КОЛДОО ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 04 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 18.02.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн техникалык колдоо тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алат.
Талаптар:
- Маалыматтык технологиялар, экономика, финансы, долбоорлорду башкаруу же ушул тармактарга тийиштүү адистиктер боюнча жогорку билим;
- Бизнес‑анализ, долбоорлорду башкаруу жана санариптик чечимдер боюнча негизги билимдер;
- Документация менен иштей билүү: техникалык тапшырмаларды, талаптарды жана отчетторду түзүү;
- Бизнес‑процесстерди түзүүнүн жана талаптарды аныктоонун принциптерин түшүнүү;
- Коммуникабелдүүлүк, тактоо суроолорун бере билүү жана командада иштей билүү;
- Маалыматты өз алдынча издей билүү жана маселелерди өз алдынча чече билүү;
- Сертификаттардын болушу (мисалы, Analysis Fundamentals, CBAP же окшош) — артыкчылык болуп саналат.
Милдеттер:
- Ички колдонуучулардан талаптарды чогултуу, системалаштыруу жана анализдөө;
- Бизнес‑процесстердин учурдагы абалын (as‑is) анализдөө жана максаттуу абалын (to‑be) долбоорлоо;
- Бизнес‑процесстерди документтештирүүгө катышуу, диаграммаларды, схемаларды жана сүрөттөмөлөрдү (мисалы, BPMN) даярдоо;
- Презентациялык материалдарды, отчетторду жана аналитикалык жазууларды жетекчилик үчүн даярдоо;
- Жаңы маалыматтык системаларды жана бизнес‑тиркемелерди киргизүү боюнча долбоорлорго катышуу;
- Жаңы модулдарды тестирлөөдө катышуу: тест‑кейстерди түзүү, талаптарга шайкештигин текшерүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе.
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылдын 18-февралында, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.