МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 24 June 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 08.07.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн маалыматтык коопсуздук бөлүмүнө тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу принциптерин жана негизги ИБ-каражаттарынын (антивирустар, SIEM, кирүүнү көзөмөлдөө ж.б.) иштөө принциптерин түшүнүү;
- Тармактык технологиялар, OSI/ TCP-IP моделдери боюнча негизги билимдер;
- Негизги тармактык протоколдордун иштөө принциптерин түшүнүү: TCP, UDP, DNS, HTTP, HTTPS, ARP, ICMP;
- Windows жана Linux операциялык системалары менен негизги деңгээлде иштөө жөндөмдүүлүгү;
- Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
- Кызматтардын, процесстердин иштөө принциптерин жана ОС коопсуздугунун негизги жөндөөлөрүн түшүнүү;
- Окуялар журналы (event logs) эмне экенин жана алар эмне үчүн колдонуларын билүү;
- Маалыматтык коопсуздукту башкаруу системасын негизги деңгээлде түшүнүү.
Милдеттери:
- Маалыматтык коопсуздук окуяларын мониторингдөөдө көмөк көрсөтүү, анын ичинде келип түшкөн инциденттерди алдын ала сорттоо жана классификациялоо;
- ИБ-системалардан логдорду жана техникалык маалыматтарды чогултуу жана баштапкы иштетүү;
- Маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлерине маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу процесстерин колдоодо көмөк көрсөтүү, анын ичинде ички документтерди жана нускамаларды жаңыртуу;
- Киберкоопсуздук инциденттерин башкаруу процессине катышуу;
- Маалыматтык коопсуздук тобокелдиктерин башкаруу процессине катышуу;
- Маалыматтык коопсуздук иш-чараларын ишке ашырууда көмөк көрсөтүү (мисалы, эскертмелер жана билдирүүлөр үчүн материалдарды даярдоо);
- Купуя маалыматты жайылтпоо.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма.
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл.
- Такшалманын орду – Бишкек ш. кеңсе.
- Такшалманын графиги – 5/2.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, бардык зарыл болгон документтерди 2025-жылдын 8-июлунда саат 16:00 кеч эмес шилтемени басуу менен тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.