МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 11 September 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 17.09.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында маалымат технологиялары бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- «Маалыматтык технологиялар», «Программалык инженерия», «Колдонмо математика» же ушул сыяктуу багыттар боюнча жогорку техникалык билим;
- Python, Java, C#, JavaScript сыяктуу программалоо тилдеринин бирин же бир нечесин билүү;
- Объектке багытталган программалоо принциптерин жана маалымат структураларын түшүнүү;
- Маалымат базалары менен иштөө жана SQL-суроолорду жазуу боюнча негизги билимдер;
- Веб-иштеп чыгуу же программалык камсыздоону иштеп чыгуу негиздерин билүү;
- Git, GitHub сыяктуу иштеп чыгуу куралдарын жана версияларды көзөмөлдөө системаларын билүү;
- Программалоо жана программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча сертификаттардын же курстарды бүтүргөндүктүн болушу артыкчылык болуп эсептелет;
- Коммуникабелдүүлүк, команда менен иштөө жөндөмү;
- Маселелерди чечүү, маалымат издөө жана өз алдынча үйрөнүү жөндөмү;
- Техникалык документация менен иштөө жана долбоордун талаптарын аткаруу жөндөмү.
Милдеттер:
- Компаниянын ички программалык чечимдерин иштеп чыгууга жана тестирлөөгө катышуу;
- Учурдагы десктоп жана веб-тиркемелерди, ошондой эле сервистерди колдоо жана өркүндөтүү;
- Код жазуу жана оптимизациялоо — насаатчынын жетекчилиги астында; • Версияларды көзөмөлдөө системалары менен иштөө (мисалы, Git);
- Иштелип жаткан модулдар боюнча техникалык документацияны жүргүзүү;
- Долбоордук милдеттерди ишке ашыруу үчүн команда мүчөлөрү менен өз ара аракеттенүү;
- Бөлүмдүн долбоорлорунда колдонулган жаңы технологияларды жана инструменттерди үйрөнүү.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе.
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2025-жылдын 17-сентябрда, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.