ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ МАТЕРИАЛДАРДЫ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ (КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО)

ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ЖАБДУУЛАРДЫ ЖАНА ЛАБОРАТОРИЯЛЫК КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ МАТЕРИАЛДАРДЫ ЖЕТКИРИП БЕРҮҮ (КОТИРОВКАЛАРДЫ СУРОО)

Жарыяланган: 27 February 2026

ТАБЫШТАМАЛАРДЫ БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 13-марты, саат 14:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди лабораториялык жабдууларды жана лабораториялык керектелүүчү материалдарды жеткирип берүү үчүн котировкаларды суроого катышууга чакырат.

Берүү форматы: Катышууга табыштама, коммерциялык сунуштар жана башка документтер табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер кол коюлган түрдө PDF форматында берилиши керек (баалардын таблицасын .xlsx форматында кошумча көрсөтүү керек).
Сунуштарды берүү тартиби Тандоонун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык табыштаманы орус же англис тилинде тапшырышы керек, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө laboratoryconsumable2026@kumtor.kg   электрондук дарегине 2026-жылдын 13-марты, саат 14:00 чейин жөнөтүшү керек.

Сатып алынуучу товарлардын тизмеси ушул конкурстук документацияга тиркелген.

Катышууга табыштама төмөнкү документтерди камтышы керек: Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү эске алуу менен берилет:

∙ Жеткирүү мөөнөттөрү

∙ Жеткирүү шарттары

∙ Төлөө шарттары

∙ Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (сураныч, максималдуу мөөнөттү көрсөтүңүз)

Баалоо критерийлери: Жеңүүчү деп Буйрутмачынын сапат боюнча коюлган талаптарына жооп берген жана эң төмөн бааны сунуштаган жеткирип берүүчү табылат.
Буйрутмачы тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин жокко чыгарууга укуктуу.
Коммерциялык сунуш расмий бланкта болууга тийиш.
Катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кечиктирилип берилген коммерциялык сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.

Өз сунушун берүү менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Тандоонун ар бир катышуучусу бир гана коммерциялык сунуш бере алат.

Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү 30 календардык күндөн кем болбошу керек.

Сунуштун жарактуулук мөөнөтүнүн ичинде коммерциялык сунуштарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.

Бул Чакырууга байланыштуу суроолор пайда болгон учурда, Катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн bek.myktybekuulu@kumtor.kg электрондук дареги боюнча Буйрутмачыга кайрылса болот, бирок конкурстук табыштамаларды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 жумушчу күндөн кечиктирбеши керек. Түшүндүрмөлөр кайрылган Берүүчүгө суроо-талап алынган электрондук почта аркылуу табыштама алынган учурдан тартып үч календардык күндөн кечиктирилбестен жөнөтүлөт.

Зарыл болгон учурда, Буйрутмачы конкурстук сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин каалаган учурда, бирок кандай болбосун 3 (үч) жумушчу күндөн кечиктирбестен, толуктоолорду берүү жолу менен ушул Чакырууга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

Буйрутмачы, эгерде ушул Чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген болсо, конкурстук сунуштарды берүүнүн акыркы күнүн кийинки күнгө жылдыра алат, бул тууралуу Буйрутмачы тиешелүү маалыматты ушул конкурс жөнүндө жарыя жайгаштырылган https://www.kumtor.kg/ru/ Буйрутмачынын расмий веб-сайтында жайгаштыруу аркылуу билдирет.

Буйрутмачы катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, Келишим түзүлгөнгө чейин каалаган учурда ар кандай сунушту толугу менен же жарым-жартылай кабыл алууга же четке кагууга же ошондой эле конкурс жараянын жокко чыгарууга укуктуу.

Буйрутмачы бул чакыруунун алкагында табыштама ээси тарабынан келтирилген кандай гана болбосун чыгымдарды компенсациялоо боюнча милдеттенмелерден так жана толук түрдө баш тартарын билдирет.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР