Жарыяланган: 10 September 2025
«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому менен «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасы атайын макулдашууга кол коюп, ага ылайык, «Кыргыз мунай компаниясы» Кумтөрдү күйүүчү жана майлоочу материалдар менен камсыздоочу негизги ишканага айланды.
«Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканасынын өкүлдөрү Балыкчы өткөөл базасына барышып, ал жердеги күйүүчү майларды сактоо жана ташуу боюнча материалдык-техникалык база менен таанышып чыгышты.
Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-июлундагы №384 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу «Кыргыз мунай компаниясы» мамлекеттик ишканалар, ошондой эле уставдык капиталынын 50 жана андан ашык пайызы мамлекетке тиешелүү болгон чарбалык жана алардын туунду ишканалары, анын ичинде тоо-кен тармагындагы компаниялар үчүн күйүүчү май жана башка мунай продуктулары менен камсыздоочу башкы мекеме катары аныкталган.