КУМТӨР ЖАРЫМ ӨНӨР ЖАЙЛЫК ОРНОТМО САТЫП АЛДЫ (ВИДЕО)

КУМТӨР ЖАРЫМ ӨНӨР ЖАЙЛЫК ОРНОТМО САТЫП АЛДЫ (ВИДЕО)

Жарыяланган: 17 March 2026

Кумтөр ишканасы калдыктарды кайра иштетүү долбоорунун алкагында, өндүрүмдүүлүгү суткасына 2,5 тонналык адистештирилген жарым өнөр жайлык орнотмо сатып алды.

Орнотмонун негизги максаты – долбоордун технологиялык параметрлерин кен жайдын реалдуу шарттарында сыноого алып, көрсөткүчтөрдү тастыктоо болуп эсептелет.

Жарым өнөр жайлык сыноолорду өткөрүү — ири байытуу фабрикаларын куруудан мурун аткарылуучу милдеттүү стандарт болуп эсептелет жана лабораторияда алынган маалыматтарды ырастоо, технологияны үзгүлтүксүз режимде иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.

Жарым өнөр жайлык орнотмо: өндүрүштү оптималдаштырууга, технологиялык процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана алтынды бөлүп алуу коэффициентин көбөйтүүгө багытталган изилдөөлөрдү жүргүзүүгө жардам берет. Келечекте Кумтөрдүн эле эмес, жанаша жайгашкан Тоголок, Жангарт кендеринин да рудаларына изилдөө иштерин жүргүзсө болот.

Мындан тышкары, жарым өнөр жайлык орнотмо жаш кадрлар үчүн практикалык окутуу базасы катары колдонулуп, аларды өндүрүштөн ажыратпай үйрөтүүгө эң мыкты шарт түзмөкчү.